Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-сентябрь
Чүй облусуСокулук району 12.09.2019 10:48

Сокулукта көчөлөрдүн аталышы жазылган такталар жаңыртылды

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Сокулук айыл аймагындагы көчөлөрдүн аталышы жазылган такталар жаңыртылды. Бул тууралуу аталган айыл өкмөттүн башчысы Бакыт Сыдыков билдирди.

«Такталар акыркы жолу 2008-жылы жаңыртылган экен. Биринчи май, Свердлов, Ленин, Ленинград, Мир, Пионер, Достук, Гагарин, Кайназарова, Восточная, Юбилейная, Фрунзе көчөлөрүндө жалпы 560 такта жана 38 жол көрсөткүч коюлду», - деди ал.

Аталган айыл өкмөттө 16 001 киши каттоодо турат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×