Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-сентябрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 12.09.2019 09:33

Башчыдан багы жок Базар-Коргон айыл өкмөтүнө 8-жолу убактылуу жетекчи дайындалды

Turmush -  Базар-Коргон районунун Базар-Коргон айыл өкмөтүнүн 2017-жылдан бери туруктуу башчысы жок. Үч жыл ичинде 5 мамлекеттик кызматкер акимдин буйругу менен айыл өкмөт башчынын милдетин убактылуу аткаруучу болуп дайындалды. Анын ичинен Г.Сагынбаева эки жолу, Икрамжон Чолпонов үчүнчү жолу кайрадан башчылыкка келди.

Маалым болгондой, аталган айыл аймакта 2016-жылдын декабрь айында жергиликтүү кеңешти шайлоо өткөн. 2017-жылдын 8-февралында жетинчи чакырылыштын депутаттары айыл өкмөт башчылыгына Чыңгыз Сариев менен Абдыкадыр Жолчиевдин талапкерлигин карап, Ч.Сариев 17 добуш менен айыл өкмөт башчы болуп шайланган. Жумуш баштаганына 4 ай болгондо «бак-дарактарды мыйзамсыз кыйган» деген негизде ага кылмыш иши козголгон. Ошондой эле эмгек китепчеси жасалма толтурулганы боюнча дагы ишти укук коргоо органдары караган. Ошондон бери айыл өкмөт башчы сотко кайрылып, өзүнүн укугун коргоп келген.

Базар-Коргон районунун акими Айбек Бегимкулов айыл өкмөт башчысынын милдетин аткаруучулар боюнча пикирин айтты.

«2017-жылдын 8-февралында Ч.Сариев көпчүлүк депутаттардын добушу менен айыл өкмөт башчы болуп шайланган. Көп өтпөй анын эмгек китепчеси жасалма экенин, кызматка келүү үчүн мамлекеттик кызматтын мөөнөтү туура келбей тургандыгы боюнча укук коргоо органдарына даттануулар түшкөн. Ошондой эле бак-дарактарды мыйзамсыз кыйдырган деген негиз менен кылмыш иши козголгон.

Райондук ички иштер бөлүмү менен прокуратура тарабынан протокол түзүлүп, үч күн ичинде аны кызматтан убактылуу бошотуу керектиги айтылды. Биз мыйзам боюнча аны кызматынан убактылуу четтетип туруу чечимин кабыл алдык. Анын ордуна айыл өкмөттүн ишин билген Гүлипа Сагынбаеваны койдук. Ал 4 ай бул кызматты аркалады. Айыл өкмөт башчынын орун басарлыгына сынак жарыялангандыктан, Сагынбаева айыл өкмөттүн милдетин аткаруучу кызматынан баш тартып, сынакка катышты. Анан аргасыз Икрамжон Чолпоновду алып бардык. Сынактан Эмил Тарыхчиев жогорку упай топтоп келди. Орун басар башчы жок болгондуктан автоматтык түрдө милдетин аткаруучу болуп калат. Ал бир жылдай иштеп калганда мурунку ишиндеги жагдайлар боюнча кайрадан бошотулду. А.Сагынбаевага кайрадан айыл өкмөт башчынын милдетин убактылуу аткарууну табыштадык. Жергиликтүү кеңештин депутаттары Сариевге эки жолу ишенбөөчүлүк көрсөтүштү, райондук сот депутаттардын чечимин колдоду.

Эми кайрадан шайлоо өткөрөлү деп жатканда облустук сот айылдык кеңештин чечимин жокко чыгарып салды. Сариев «соттон уттум, кайрадан буйрук чыгарып бериңиз» деп кайрылды. Анын иши кайрадан сотто каралууда. Кайрадан орун басарлыкка сынак болгондо Теңирберди Жолдошов жогорку упай топтоп келип, 2019-жылдын 1-февралында жумушка чыкты.

Төрт айдан кийин ага карата дагы ызы-чуулар чыкты. Депутат менен кантип урушканы, акча талап кылганы боюча менин толук кабарым жок. Аны да тергөө иши аяктаганга чейин кызматынан четтетип туруу керек болду. Айыл өкмөт башчынын милдетин аткаруучулардын саны көбөйө бербесин деп кайрадан Икрамжон Чолпоновду убактылуу болсо да алып келдик. Бир айга жетпей кайра аны бошотууга туура келди. Теңирберди Жолдошов август айы иштеди, жабырлануучулар сот иши бүткөнгө чейин кызматынан четтетип турууну соттон өтүнүшкөн экен. Соттун чечимине ылайык 29-августта кайра алынып, биз үчүнчү жолу Икрамжон Чолмоновду алып келдик. Милдетин аткаруучулардын санын көбөйткүбүз келбей, бул кишини дайындоо боюнча 3 жолу буйрук чыкты. Анан дагы ал Арстанбап айыл өкмөтүн бир чакырылышта башкарган», - деди аким.

Маалым болгондой, мурунку айыл өкмөт башчы Ч.Сариевдин иши Жогорку сотко чейин жетип, сот кайрадан биринчи истанцияга жөнөтүлгөн. 3 жылдан бери соттошуп жүргөн башчынын ишинен улам туруктуу башчыны шайлоого мүмкүн болбой келет. Ал эми жыл башында орун басарлык кызматка сынак аркылуу келип, башчынын милдетин аткарып жүргөн Теңирберди Жолдошевдин үстүнөн райондук прокуратура кызматтык абалынан аша чабуу фактысы менен иш козгоп, учурда иш райондук сотто каралууда.

Айыл өкмөттүн башчысынын милдетин аткаруучулардын мөөнөттөрүн карай турган болсок, Базар-Коргон айыл өкмөтүнүн кызматкери Гүлипа Сагынбаева 2017-жылдын май айынан сентябрга чейин иштеген. Айыл өкмөт башчынын орун басарлык кызматына сынактан жеңип келген Э.Тарыхчиев 2017-жылдын сентябрь айынан 2018-жылдын август айына чейин айыл өкмөттүн башчысынын милдетин убактылуу аткарган. 2018-жылдын август айынан декабрь айына чейин экинчи жолу Гүлипа Сагынбаева иштеген. 2018-жылдын декабрь айынан 2019-жылдын февраль айына чейин Икрамжон Чолпонбаев болгон. 2019-жылдын 1-февралынан 15-июлга чейин Теңирберди Жолдошов, 15-июлдан 1-августка чейин Икрамжон Чолпонов иштеген. Август айында кайрадан Теңирберди Жолдошов, ал эми 29-августтан тарта үчүнчү жолу Икрамжон Чолпонов иштеп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×