Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-сентябрь
Ош облусу, Ош 12.09.2019 09:17 На русском

Милициянын ардагери менен жол тескөөчүлөрдүн чыры: Оштогу рейд. Видео

Turmush -  Кечээ, 11-сентябрда Ош шаарында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери салык кызматынын кызматкерлери менен биргеликте рейд өткөрдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Анын алкагында айдоочулардын унаанын салыгын төлөп же төлөбөгөндүгү текшерилди. Салыкты төлөгөндүгү жөнүндө дүмүрчөктү көрсөтө албаган айрым айдоочуларга протоколдор түзүлдү. Айрым айдоочулар менен жол тескөөчүлөрдүн жана салык кызматкерлеринин ортосунда талаш жаралды. Өзүн милициянын ардагеримин деп тааныштырган айдоочу да жол тескөөчүлөр менен уруша кетти. Ал унаага болгон салыкты төлөгөнүн айтканы менен тиешелүү дүмүрчөктү көрсөтө алган жок. Ага салык кызматынын кызматкерлери айып кагазын жазып беришти.

Аталган рейдде 2 сааттын ичинде 8 унаанын айдоочусуна салык төлөбөгөндүгү үчүн протоколдор түзүлдү. Мындай рейддер ноябрь айына чейин уланат.

Салык төлөбөгөн айдоочуларга 1 миң сомдон 5 миң сомго чейин айып пул салынат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×