Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 12.09.2019 08:21 На русском

Шамалдын айынан башына шифер түшкөн жигит эс-учун жоготту

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын жана Ак-Суу районунун аймагында 10-сентябрда саат 20:30 чамасында катуу шамал болгон. Анын кесепетинен бир катар үйлөрдүн чатырлары учуп, Ак-Суу району 10 млн сомго чыгым тарткан. Эки адам жабыркап, бири жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Учурда ал эс-учуна келе элек. Бул тууралуу аймактык кабарчыга район акими Акылбек Тюкебаев билдирди.

Анын айтымында, катуу шамал район аймагындагы 9 үйдүн чатырын учуруп, 50 сотых жердеги күнөскананы жарактан чыгарган. Ошондой эле кирпич заводдун да чатыры учуп, анда иштеген эки адамдын башына шифер түшкөн. Эки адамдын бири медициналык кароодон өтүп, абалы жакшы.

«Экинчиси Жон-Булак айылынын 1986-жылы туулган тургуну Т.Мирлан болгон. Ал облустук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө кечээ, 10-сентябрда түшкөн. Эс-учуна келе элек.

11-сентябрда абалын билүү үчүн бардым. Дарыгерлер башын текшерди. Гематома бар, операция жасайбыз деп жатышат», - дейт район акими Акылбек Тюкебаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×