Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-сентябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 11.09.2019 18:46 На русском

«Элдик» ишканасы менен келишим түзгөндөр талапты бузуп жатабы? Видео

Turmush -  Мамлекеттик мүлк фондунун алдындагы «Элдик» мамлекеттик ишканасынын балансындагы объектилерди ижарага алгандар келишимде көрсөтүлгөн каражатты толук төлөбөй, талаптарды аткарбай, өз билемдик менен мамиле жасашып, кайра мекеме менен соттошууда. Бул тууралуу «Элдик» мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Алексей Апиев баштаган кызматкерлер АКИпресс-Жалал-Абад маалымат борборундагы жыйын учурунда билдиришти.

Алексей Апиевдин маалыматына караганда, учурда аталган ишканада улутташтырылган 24 объекти бар. Бирок 5-6 объект гана пайда алып келет.

«Биздеги объектилердин ичинен жакшы пайда алып келүүчү база бар. Курулуш тетиктерин чыгаруучу база союз маалында да жакшы иштеп турган. Ал 2017-жылы ачык аукционго коюлуп, ага 3-4 компания катышкан. Алардын ичинен «Акмат-Ата-Транс» ЖЧКсы ижара акыны 744 миң сомго (айына) көтөрүп, жеңүүчү деп табылган. Аталган компания менен 1 жылга келишим түзүлгөн. Алгач эки айдын ижарага акысын толук төлөп, андан бери келишимдеги сумманы төкпөй коюшту. Кийин компаниянын аты «Жалал-Абад завод ЖБИ» болуп өзгөрдү. Алар өз алдынча сумма коюп алышып, ай сайын 200 миң сом гана ижара акы берип коюуда. Азыркы тапта алардын карызы 18 миллион сомго жетти. Компания ачык эле мыйзам бузуп жатышат.

Биринчиден, келишимдеги талапты толук аткаруудан баш тартып келишет. Экинчиден, 2018-жылдын август айында келишим аяктаган, алар цехти бошотуп бериши керек болчу. Ага карабастан учурда да цехти күнү-түнү иштетип жатышат. Жаңы жетекчи болуп келгенде ушул ЖЧКнын башчысына сүйлөшүүгө барсам, «колуңардан келсе соттон утуп алгыла» деп койду. Аргасыз сотко кайрылууга мажбур болдук.

2019-жылдын 3-июлунда цехтен чыгаруу боюнча Жогорку соттун чечими чыккан. Жалал-Абад облусунун райондор аралык сотунан 16 миллион сомду өндүрүү боюнча облустук прокуратуранын чечими канааттандырылган. Ага карабастан бүгүнкү күнү да жумушун жүргүзүп жатышат. Алар биз сотко кайрылгандан кийин гана ижара акысы кымбат дегенди жүйө кылышууда. Каражатты аукциондо өздөрү көтөрүшкөн, келишим түзүлгөн. Мыйзамды сыйлоо керек», - деди Алексей Апиев.

Ал кошумчалангандай, сот аткаруучуларга 16 миллион сомду өндүрүү тапшырмасы жүктөлгөн. «Жалал-Абад завод ЖБИ» ЖЧКсы сот аткаруучулардын үстүнөн да сотко кайрылгандыктан, сот иштери жүрүүдө.

«Элдик» ишкана «Нур-Билим-Ордосу» ЖЧКнын үстүнөн да сотко кайрылууга мажбур болушту. Аталган ишкана да ижара акысын толук төлөөдөн баш тартып, түрдүү каттарды жолдоп жүрөт. Аларга берилген бала бакча кароосуз калган.

«Биздин чарбалык башкаруудагы мектепти мага чейинкилер алгач 2015-жылы иштетүүгө аракет жасашкан экен. Билим берүү министрлиги тарабынан тиешелүү лицензия берилбегендигине байланыштуу бир лот менен Жалал-Абад шаарындагы Некрасов көчөсүндөгү бала бакча жана Сузак районундагы Пахта көчөсүндөгү мектеп 2016-жылдын март айында «Нур-Билим-Ордо» ЖЧКсына 10 жылдык мөөнөткө ижарага берилген. Келишимге ылайык, мектеп имараты үчүн ар ай сайын төлөнүүчү ижара акы 235 миң сом, бала бакчаныкы 105 миң сом болгон. Мектептин ижарасын төлөп жатышат. 2017-жылдын 1-сентябрынан тарта бала бакчага болгон төлөмдү төлөөнү мыйзамсыз токтотуп койгон. Ага биздин мекеменин жетекчисинин мурунку орун басарынын таасири болгон. Анын жубайы «Нур-Билим-Ордосу» ЖЧКсын түзүп, ошол бакча менен мектепти алып, жеке менчик мектебин ачкан. Келишимди ошолор түзгөн.

200 балага ылайыкталган бала бакча алгач иштеп жаткан. Анын абалы да жакшы болгон. Алардын жоопкерчилигинде экенине карабастан кароосуз калтырып коюшту. Имарат талкаланып, тонолуп кеткен. Мышык ыйлай турган абалга жетти.

Мен жетекчи болуп келгенден кийин бала бакчанын абалын көрүп, алардан мекеменин абалына жооп берүүнү талап кылдым. ЖЧКга жаңыдан келген жетекчилиги оңдой турганын айтышкан. Бирок толук жөнгө салышкан жок.

Ижарачылар мектепти гана пайдаланбастан жанындагы спорт залды да пайдаланып келишет. Бирок ижара төлөп берүүнү каалабайт. Бул боюнча да талаш-тартыш болууда. Бала бакчага төлөбөйбүз, кайтарып алгыла деп келишет. Талаптарды аткарбай жатышканын эске албастан эл өкүлдөрүнө түрдүү ушак-айыңдарды жазып жатышат. Мени да кызмат абалынан пайдаланып, эки баласын акысыз окутат деп чыгышты. Колумда дүмүрчөктөр турат. Кайрылууларында жеке мектепте 800дөй бала окуганына карабастан 550 бала деп, санын кыскартып айтышат. Шарттарды одоно бузушту. Мындан улам жакында келишимди бузуу боюнча Жалал-Абаддагы райондор аралык сотуна кайрылдык. Эки жолу сот процесси өттү», - деди Алексей Апиев.

Жыйынга чогулгандар ижарачылардан аталган имараттарды кайтарып алгандан кийин кайрадан ижарага бериле турган болсо, келишимдерди өзгөртүп, күчтөндүрүп, жоопкерчилиги бар ижарачыларга берүүнү көздөп турушат. Башкысы объектилердин сапатын жакшыртуу, алардын талап-тонолуп кетүүсүнө жол бербөө.

«Элдик» мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери мекеменин чарбалык башкаруусунда турган 24 объектинин ичинен 13 объектини ишкананын балансынан алып, жайгашкан жерине жараша жергиликтүү бийликке кайтаралы деген сунуш менен жогору тарапка кайрылышкан. Учурда Базар-Коргондогу эки үй жергиликтүү бийликке өтө турган болду.

Ал эми «Жалал-Абад завод ЖБИ» ЖЧКнын жетекчиси Бакыт Борошов карызга батып, талкаланган цехти жандандырып, ишти жолго койгондо көз арта башташты деген пикирин айтты.

«Ооба, ижара акы 700 миң сомдон ашат. Бирок келишим түзүлүп жатканда цех алар айткандай абалда эмес болуп чыкты. Баары талкаланган, тонолгон абалда экен. Банкрот да болуптур. Биз ошол жагдайдан алып чыктык. Миллиондогон акчага тетиктерди сатып алдык. Ишкананын 7 миллион сом карызы бар экен. Биз абалы оор экен, андай сумманы төлөй албайбыз дедик. 200 миң сомдон төлөйбүз деп, ошол сумманы кечиктирбестен берип жатабыз.

Мурун 46 жумушчу гана болсо, азыр 103 жумушчу болуп калды. Маянаны 100 пайызга көтөрүп бердик. Шаардагы жеке компаниялар ичинде мамлекетке жакшы салык төлөгөн алдыңкы мекеме болдук. Былтыр 100 миң доллар салык төлөндү. Биз башка жактан да бул жумушубузду улантып кете беребиз. Болгону объект бул ишканага өтсө кайрадан тонолот, талкаланат. Кайрадан мурунку кейпине келет. "Өлүк" ишкананы бергендер эми жанданганда көз артып башташты. Мыйзамдуулук деген бул объект таланып, тонолуп, иштебей турганда кайда эле?...», - деди Б.Борошов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×