Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ош облусу, Ош 11.09.2019 16:46 На русском

Ошто 36 жаштагы адам унаасында муунуп каза болду

Иллюстративное фото
Иллюстративное фото

Turmush -  Ош шаарында 36 жаштагы адам унаасынын ичинде коопсуздук куруна муунуп каза болду. Бул тууралуу Turmush басылмасынын өздүк булактары билдирди.

Окуя кечээ, 10-сентябрь күнү Манас-Ата аймактык кеңешиндеги У.Салиева көчөсүндө болгон. Маалыматты Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тастыктады.

Алардын маалыматы боюнча, Ош ШИИБге саат 9:30 чамасында аталган факт тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып, 45-50 жаштагы, азиат түспөлүндөгү киши муунганы аныкталган. Ал ошол аймактык кеңештеги батирлердин биринде жашачу. Маркум Кара-Суу районунун Каратай айылында туулган. Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, иликтөө иштери уланууда.

Ош шаардык өлүкканадан маркум 1983-жылы туулган И.Э. экенин билдиришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×