Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-сентябрь
Ош облусуКара-Кулжа району 11.09.2019 16:04 На русском

«Апам каза болгонбу же коркутуп коюшканбы, мага табышмак»: Бакма ата-энеси каматкан Шайырбектин тагдыры. Видео

32 жаштагы Шайырбек Курбанов
32 жаштагы Шайырбек Курбанов

Turmush -  Кара-Кулжа районунун Кеңеш айылынын тургундары бакма баласын уурулук кылды деп абакка каматты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жергиликтүү тургундар билдирди.

Алардын айтымында, айылдагы Кыргызбай Курбановдун үй-бүлөсү ынтымактуу жашап келишкен. Бирок тургундар алардын жаңжалын жакында гана билишип, анын себебин азыркыга чейин түшүнбөй жатышканын айтышты. Алар үй-бүлөнүн кичүү уулу Шайырбек бакма бала экенин, күтүлбөгөн жерден эле Ноокатка көчүп кетип, ата-энеси тарабынан 12 күнгө абакка каматылганын билдиришти.

Шайырбек өзү документ боюнча 1987-жылы төрөлгөнүн айтты.

Бардык сырды акушер билет

- Мени төрөгөн апам ким экенин билбейм. Азыркы Сабира апам мени Кара-Кулжа райондук төрөтканадан багып алган. Багып алышканын менден жашырышкан. Сабира апамдын айтымында, мен анын инисинин баласымын. Өз атам убагында милиция кызматкери болуп иштеп жүрүп, бир кыз менен көңүлдөш болуп кетиптир. Өз апамдын боюнда болуп калган убакта бакма апам өзүнүн курсагына бир нерселерди салып, элдин көзүнө кош бойлуу болуп көрүнүп жүргөн. Төрөгөн апам каза болгонбу же коркутуп коюшканбы, мага табышмак. 6-7-классымда теңтуш балам менен мушташа кетип, ал бакма бала экенимди айткан. Анан апам ал баланы урушуп, кайра мени алдап койгон. Эр жетип калганда дагы атамдан нокотек (теги жок), арам деген сөздөрдү уктум.

Кийин апамды издегенге аракет кылдым. Анан бакма апам менен төрөтканада чогуу жаткан аялды таап алдым. Ал эже: «Бакма апаң сени менен ооруканада жаткан убакта бир жаш кыз ичин таңып алып ары-бери басып жүргөн. Медайымдардан "бул кыз жаш го, төрөдүбү?" деп сурасак, "ооба, ноокаттык экен" дешкен» деди. Бардык сырды өз апамды төрөткөн Таалайкан деген акушер эже билет. Төрөгөн апама балаң өлүп калды деп айтып коюшу мүмкүн, болбосо мени издемек. Өз атамдан сурасам, ар түрдүү жоопторду айтып жатат. «Апаң тирүү», «апаң өлгөн», «апаңдын аты Гүлмира» деп жатат. Кайсы бирине ишене турганымды билбей жатам.

Бактысыз балалык

- Кичинекей кезимден эле жумушка тың болуп өстүм. Атам менен чогуу чөп чөмөлөгөнү талаага барчумун. Чөпкө күчүм жетпей калганда атам «арам» деп тоголото тээп салчу. Ал убакта түшүнчү эмесмин. Ээн талаада жардамга чакыра турган адамым жок. Ыйлап алып, кайра атамды ээрчип жөнөчүмүн. 5-6 кой менен досуна кошуп жайлоого чыгарып жиберчү. Ал жакта да малай болуп жүрдүм. 7-классымдан кийин мектепте окубай, май чыгаруучу тегирменибизди иштеттим. Сабатым деле жок. 10-класс куракта апам ооруп, үйдүн ичиндеги иштер мага өттү.

Кыйнап эле өзүмдөн улуу кызга үйлөнтүп коюшту, 11-класс курагымда уулдуу болдум. Андан кийин кыздуу болдук. Аялым жаш, анан коркок болгондуктан кызымды бешиктен чечпей, жумуштарын жасап жүрө берчү. Мал тейлеп, талаа жумуштарын жасап, оорукчан апамды карачу. Кызым кечке бешикте жата берип ичи көөп кетти. Жаш болуп түшүнбөптүрбүз, анын ички органдары жабыркап, баспай калды. Кызым 1,5 жашка толгондо апам Бишкекте жакшы оорукана бар экен, ошол жакка алып баралы деп алдап, жубайым экөө бир жерге таштап келишти. Эртең менен кетип, кечке маал кайра келип калышты, Бишкекке барышканына ишенген жокмун. 3 жыл өткөндөн кийин жубайым кызымды алып келип бер деп ыйлады. Ата-энеме алып келели десем, акчаңар болсо алып келип алгыла деди. Ууга жараган иттин күчүктөрүн сатып, кызымды үйгө алып келдим. Бирок кызым 10 күнгө жетпей чарчап калды. Көрсө кызымды таштаган жер оорукана эмес, майыптар үйү экен.

3 уул, 1 кыздын атасы

- Комбайн менен миллиондогон акчаларды таптым. Апамдан комбайн алууга карызга 400 миң сом сурагам. Күнү-түнү иштеп, талаага чыгып кетем. Элден мурда чөбүмдү жыйнап, анан элдин ишин кылчумун. Алган карызымды апама кайтарып бердим. Атам элге кошулбагандыктан, атамдын атынан чоң улак союп, айылга чай бердим. Үй курдум. Ошол убакта мен ноокаттык агам деп жүргөн кишини атаң деп тааныштырышкан. Тегиң Ноокаттан, ошол жактан үй карай бер дешкенинен, ошол жактан үй алып койгом. Анан Россиядагы улуу агам мас болуп алып телефон чалып: «Эй, нокотек, заңгыраган үйдө өзүм жашайм деп жатасыңбы. Ал жерде мен жашайм» деген, аны да эске түйдүм. Атамдын сөзүн көтөрө албасам да чыдап жүрдүм.

Бир күнү үйгө келсем, аялым менен апам катуу урушуп, жубайым төркүнүнө кетип калыптыр. Апам жубайым эжеси менен бирге урду деп ооруканада жатыптыр. Аялымдын үстүнөн арыз жазып, сот жубайымды 1 жыл 2 айга үй камагына чыгарган. Ортодон катуу сөздөр айтылды. Чыдабай өз атама чалдым да «керек болсом мени алып кет» деп, түнү менен Ноокатка кетип калдым. Кийин өз атам Кара-Кулжага келип, аялымды төркүнүнөн кечирим сурап алып чыкты.

Уурулук жана айыптоолор

- Мен кеткенден кийин үйдөн акча, алтындарымды уурдап кетти, пенсиямды уруксаты жок алып жүргөн деп менин үстүмдөн баккан апам милицияга арыз жазды. Уурулук болгон күнү мен Ноокатта тууганымдын туулган күнүндө көп адамдар менен болчумун. Далилдер жетишсиз болгондуктан кылмыш иши жабылган. Ал эми пенсия боюнча, ал акчаларга мен муктаж эмес болчумун. Бирок апам ордунан тура албагандыктан пенсиясын кээде аялым, кээде мен алып, кол коюп койчубуз. Анда да апамдын уруксаты менен. Апам үйдө жок болсо телефон чалып, почточу менен байланыштырып, анан акчаны алып, дароо өзүнө берчүбүз. Почточулар «ооба, апасынын уруксаты менен бергенбиз» дегенине карабай кол коюлган документтин негизинде 12 күнгө каматып, 23 миң сом төлөттүрдү. Азыр деле ишим сотто далилдер жетишсиз экенине карабай каралып жатат.

Мени эмне максатта мынчалык кыйнап жатканын түшүнбөйм. Өздөрүнүн кылмыштарын жашыруу максатында ушул жолго барып жатышат окшойт. Жарашып, тынч жашайлы деп барсам да, кууп чыгышты. Бирок жарашып жашайлы десем дагы куру жалаага кабыламбы деп корком.

Ал эми Шайырбек мырзанын бакма апасы Сабира Курбанова жана бакма атасы Кыргызбай Курбанов уулунун ата-энеси белгисиз экенин айтышты.

«Өзүмдүн 1 кыз, 1 уулум бар. Улуу балам оорукчан болгондуктан, бир досум бала багып алууну сунуштап калды. Төрөткананын башкы дарыгери менен сүйлөшүп, апасы таштап кеткен алты күндүк ымыркайга күбөлүк жаздырып багып алдык. Жакшы бала болуп чоңойду, жумушка тың болду. Бирок үйлөнгөндөн кийин үйдөн 3 ирет качты. Биринчи жолу качканда үйдөн 600 миң сомду уурдап кеткен, кайра карматып келгенбиз. Андан кийин да кача бергенинен иниме барып, менин баламсың деп айтып койчу деп сурандым. Иним айла жок «менин баламсың» деп балээге калды. Андан кийин Ноокаттан эжесине үй алганы барганда мени алдап, үйдү өзүнө жаздырып алыптыр. Азыр ошол үйдө жашайт. Комбайнга да Россиядан эжеси акча салганы тууралуу банктан документ табылды. Аялы менен уруша кеткенде, келиним эжесин чакырып, эжеси мени урган. Алардын үстүнөн арыз жазып каматканым чын. Колум сынып, карарып, шишип кеткен. Азыркы талабым — үйдү эжесине берсин, уурдаган акчасы менен алтындарды кайтарсын да, каалаган жагына кете берсин. Эми жарашууга жол жок, себеби ал бизди өлтүрүп коюшу мүмкүн», - деди Сабира Курбанова.

Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн Кеңеш айылынын аксакалдар кеңешинин төрагасы Жумабек Токоев Кыргызбай Курбанов эч кимдин сөзүн укпай турганын, элге да кошулбай жүргөнүн айтты.

«Баланы аябай кыйнап жиберишти. Эл-журттан жакында эле каматканын уктук. Аксакалдарды ортого салалы десек атасы эч кимди укпайт. Шайырбекти кичинекей кезинен бери билебиз, бирөөнүн акысын жебейт. Тиричиликке кичинекей кезинен аралашып, элдин ишин кылып жүргөн бала. Атасы акылсыздык кылып жатат», - дейт Ж.Токоев.

Кеңеш айылынын почточусу Абдыжалил Өзгөнбаев да Сабира Курбанованын пенсиясын уулуна апасынын уруксаты менен гана берип жүрүшкөнүн билдирди.

«Сабира Курбанова менин жеңем болот, айылдагы эң каардуу кемпир. Келинине "алып кой" деп үйдүн ичинен кыйкырса гана алчу», - деди ал.

Кошуналарынын айтымында, Сабира Курбанова элдерге пайызга акча берет. Анын улуу баласы Россиянын жарандыгын алган. Бир кызы да Россияда эмгектенет.

32 жаштагы Шайырбек Курбанов 12 сутка абакта камалгандан кийин эркиндикке чыгарылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×