Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 11.09.2019 15:34

Жети-Өгүздүн Жалгыз-Өрүк айылындагы ички жол асфальтталып жатат

Turmush -  Жети-Өгүз районуна карашту Жалгыз-Өрүк айылындагы жол жасалууда. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына айыл тургуну Камчыбек Кадиев маалымдады.

Анын айтымында, айылдагы 237 түтүндө 1500 адам жашайт. Кызыл-Суу айыл аймагынын карамагындагы айылда 1 чакырым жолго асфальт төшөлүп жатат. Айыл башчы Кубатбек Бектуров жолго асфальт төшөө иштерине 5 млн сом бөлүнүп, учурда №35 жол тейлөө мекемеси тарабынан иш жүргүзүлүп жатканын билдирди.

Айылда мындан сырткары ФАП оңдолуп, 100 орундуу бала бакча курула турганы күтүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×