Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-сентябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 11.09.2019 15:28 На русском

«Ата-энесинин жалгыз уулу эле»: Жалал-Абадда чет өлкөдөн досунун тоюна келген жигит сабалып, оор абалда ооруканада жатат

Turmush -  9-сентябрда Жалал-Абад шаарындагы түнкү клубда 3 баланын токмогуна кабылган 26 жаштагы Мунарбек Бекишов оор абалда ооруканада жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга анын жакындары билдиришти.

Мунарбектин эжеси Ырсалат Кулмашованын айтымында, Мунарбек үй-бүлөдө жалгыз уул. Ал 6-сентябрь күнү Казакстанда иштеп жүргөн жеринен досунун үйлөнүү тоюна келген. 9-сентябрда түндө дос балдары менен түнкү клубдун алдына барган. Мунарбек клубда орун бар же жогун билүү үчүн кирип, 3 адамдын токмогуна кабылган. Анын кесепетинен алган жаракатынан улам учурда жандандыруу бөлүмүндө жатат.

«Агам көп жылдан бери Казакстанда мигрант. Мунарбек да окуусун бүткөндө үйүнө жардам берүү максатында ата-энесинин жанына барып, ошол жакта иштеп жаткан. Ал эми Кыргызстанга 6-сентябрда досунун тоюна катышканы келген. Окуя 9-сентябрда кечинде болгон. Иним 2 досу менен бирге шаардагы түнкү клубга барып, ал жакта орун бар же жок экенин билүү максатында кирген. Арадан 5 мүнөт өтпөй жатып аны 3 бала сыртка сүйрөп чыгып сабаган. Унаада отурган 2 досу ажыратканы барганда топ балдар аларды да сабашкан. Ошол күнү биз бейкапар үйдө отурганбыз. Бейтааныш адамдар телефон чалып, Мунарбекти сабап кетишкенин айтышты. 2 күндөн бери ушул жердебиз. Дарыгерлер 24 саат бою көзөмөлгө алып, жандандыруу бөлүмүндө жатат. «Азырынча аппараттын, уколдун жардамы менен кармап турабыз» деп жатышат.

Иним бир үй-бүлөнүн чырактай жалгыз уулу. Ушул кезге чейин экинчи тарап бизден кабар алган жок. Бул ишти акыйкат кароону суранабыз», - деди Кулмашова.

Жакын досу Нуржигит Максатбеков Мунарбек күздө үйлөнөм деп жүргөнүн кошумчалады.

«7-сентябрь күнү менин үйлөнүү тоюм болуп, ага Мунарбек келип катышкан. Тойду жакшы өткөрүп алганбыз. Досум 8-сентябрда кетем деп жаткан. Бирок жумушу чыгып, кайра 10-сентябрда кетүү үчүн таксист менен сүйлөшкөн. Окуя болгон күнү кечки саат 19:00 чамасында ал менен видео чалуу менен сүйлөшкөнбүз. Жанында 2 дос балам да бар экен. Баары эле жакшы отурушкан, эч ким ичкен эмес. Кийин эле саат 22:00 чамасында чалсам эч бири телефонуна жооп берген жок. Ошентип саат 24:00 чамасында досторум ооруканага түшүп калганын уктум. Түндөп Базар-Коргондон шаарга келип, балдарды көрсөм Мунарбектин абалы оор экен. Жанындагы 2 досум башынан жаракат алыптыр. 2 досумду бул жактын дарыгерлери кабыл албай, 10-сентябрь күнү Базар-Коргон райондук биргелешкен ооруканасына жеткирилди. Азыр досумдун абалы оор бойдон калууда. Мунарбек быйыл кеч күздө үйлөнөм деп жаткан. Аяш атам менен аяш апама абдан оор болду. Алар Казакстандан келишти», - деди ал.

Жабырлануучунун жакындарынын айтымында, Мунарбек менен чогуу жүргөн 2 жигит учурда Базар-Коргон райондук ооруканасынын сынак-жаракат бөлүмүндө дарыланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×