Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 11.09.2019 15:24

Ичке-Булуңда калкты таза суу менен камсыз кылуу иштери жүрүүдө

Turmush -  Жети-Өгүз районундагы Липенка айыл өкмөтүнө караштуу Ичке-Булуң айылы райондун борборунан 28 чакырым алыста жайгашкан. Айылда 405 түтүн болсо, адамдардын жалпы саны — 1513.

Ичке-Булуң айылынын таза суу системасы 1968-жылы курулуп, бүгүнкү күндө суу системалары керектен чыккан. Ушуга байланыштуу Ичке-Булуң айылынын таза суу системасын калыбына келтирүү үчүн Бүткүл дүйнөлүк банктын эсебинен каржылануучу долбоордун экинчи этабына киргизилген.

Ичке-Булуңдагы таза суу системасынын узундугу 13,5 чакырымды түзөт. Бүгүнкү күндө тендер өткөрүлүп, жеңүүчү аныкталып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×