Бөлүмдөр
Жекшемби, 15-сентябрь
Нарын облусу, Нарын 11.09.2019 13:48

«Эмне үчүн жанымды кыйдым?»: Денеси 50 күндөн кийин табылган Сезимдин табышмактуу өлүмү

Turmush -  Нарын шаарынын 59 жаштагы тургуну Роза Касымбекова кызы Сезимдин сырдуу өлүмүнө бүгүнкү күнгө чейин жооп таба албай келет.

Сезим Султангазы кызы 1995-жылы 28-октябрда туулган. Көзү тирүү болгондо быйыл 24 жашка чыкмак. 3 бир туугандын кичүүсү 2011-жылы 14-июлда Нарын дарыясына агып каза болгон.

Жакшы окучу

- Кызым жакшы төрөлдү. Өзү жоош, күлүп эле жүрө берчү. 9-классты артыкчылык күбөлүк менен бүттү. Дарыгер болом деп жүрчү. Класс жетекчиси, мектеп директору дагы мактап турушчу, дилбаян, ыр жазуу боюнча дайыма алдыда болчу. 2011-жылы 25-майда акыркы коңгуроо болду. Күбөлүгүн көтөрүп келип мактанды. Карасам баары «5» деген баа экен.

Кареги башкача болуп калыптыр

- 14-июлда Гүлкайыр деген классташ кызынын туулган күнү болчу. Ал Бишкекте эле. Ажатканага кирип алып, аны менен телефон аркылуу сүйлөшүп жаткан. Андан кийин базарга бардык. Ал жерден жасалма кирпик алып берчи деди. Бирок башка буюмдарга алаксып аны унутуп калыптырбыз. Кайра барып алып келди. Ошентип кирпигин чаптап жатсам, көзүнүн кареги өлгөн адамдын карегине окшошуп калыптыр. «Сезим көзүң башкача болуп калыптыр. Эмне болгон?» дедим. Анан эле мончого барып келем деди. Телефонун, сөйкөлөрүн баарын таштаптыр. Ал жактан келип, атасына кошунанын кызы менен чогуу суу ташып берип жаткан. Бир маалда жоголуп кетти. Суу ташыган чакасын таштап кетиптир. Үйдөгүлөр болуп издеп баштадык. Атасы экөөбүз Нарын дарыясынын жээгинен өтүп бара жатканда: «Ушул сууга канчалаган өмүрлөр акты болду экен?» деп койгонбуз. Биз кызыбыздын сууга агып кеткенин кайдан билдик. Классташтарынан сурап, издеп жүрө бериптирбиз. Кызыбыз сууга эчак эле агып кетиптир.

Суу ташып жатып эмнеге чаканы таштап кеткен? Сөйкө-шакектерин чечип, мончого эмне үчүн ошол күнү барды?... Ушундай суроолорго жооп таба албай келем.

Көзү ачыктарга бардык

- Көзү ачыктардын баарына бардык. «2 көпүрө ашып кетиптир. Кызыл унаага түшүп кетиптир, кызыңар табылат» деп жатышты. Көрсө биринчиси 64 аймагынын көпүрөсү, экинчиси Жаңы-Жол жактагы көпүрө турбайбы. Көзү ачыктар сууга түшүп кетти деп айтышпайт экен. Табышмактантып айтышат экен. Дагы бир көзү ачыкка барсам: «Бул кыз сууга түшүп баратканда өкүнүптүр. Мүдүрүлүп жыгылып баратканда бир жагына жыгач же таш кирип кеткен. Ошол бойдон сууга түшүп кетиптир. Суу агызып бара жатканда “эмнеге мен өлдүм?” деп өкүнүптүр. 50 күндүн аралыгында табылат» деп айтты. Өлүмдүн себеби таптакыр белгисиз бойдон калды.

Кичинекей кезинен тартып ыр жазчу. Көп ырлардын автору болмок. Үйгө келгендердин баарына эле чай берип, «келиңиз» деп турчу. Апам «ушул кызыңа көз тийбесе болду» деп айтчу.

Өткөөл курак

- Өткөөл куракта баланы жакшы карап, маани берип жүрүү керек экен. Чоңойгонун, 9-класста окуганын көңүлгө албай калыптырмын. Ушул куракта кимдир бирөөгө таарынганбы же башкача ойлогонбу, билбейм. 2011-жылы 14-июлда эң улуу кызымдын туулган күнүндө сууга акты. Жансыз денеси 50 күндөн кийин табылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×