Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-сентябрь
Талас облусу, Талас 12.09.2019 09:14

Айыл турмушу: Таластык Жанарбек этностилдеги тапчандарды жасап жатат (сүрөт)

Turmush -  Талас шаарынын 29 жаштагы тургуну Догдурбек уулу Жанарбек этностилдеги тапчандарды жасап жатат. Аймактык кабарчы андан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, устачылык менен алектенип келе жатканына 8 жыл болду.

«Устачылыкты окуп үйрөнгөн эмесмин. Үй-бүлөмдө дагы устачылык менен эмгектенгендер жок. Мага бул өнөр кудайдан берилген деп ойлойм. Өзүм бала кезимден эле жыгачтан ар кандай буюмдарды жасачумун. Оюмдан чыгарып кичинекей оюнчуктарды жасаганды жакшы көрчүмүн. Азыркы учурда эл эмнеге буйрутма берсе ошону жасай берем. Айрымдарын көрүп жасайм. Көбүнчө өзүм оюмдан чыгарып жасайм.

Азыркы учурда этностилдеги тапчандарды жасап жатам. Эң биринчи ушундай тапчанга окшоштуруп керебет жасагам. Андан кийин шишкебек бышыруучу жай иштеткен Улан деген аке «ошол керебетке окшош тапчан жасасак болобу?» деп сурап калды. Эмнеге болбойт экен деп анын үйүндө тапчан жасап көрдүк. Аны эл көрүп, буйрутмалар түшүп баштады. Жасоо убактысы ар кандай. Жөнөкөй керебетке 1-2 күн убакыт коройт. Тапчанга 7-8 күн кетет. Көбүнчө эмеректерди жаңгак жыгачтардан жасайм. Жаныма бир окуучу алгам, экөөбүз чогуу жасайбыз.

Буйрутмалар Талас ичинен түшүп турат. Бири-биринен көрүп жактырып, буйрутма түшө берет. Эмеректерди жасаганда ар бир кардардын талабына жараша жасайбыз. Бири жөнөкөй стилде жасоону талап кылса, бири башкача айтат. Тапчандарды 20 миң сомдон өйдө жасайбыз.

Келечекте устакана ачып, устачылыкка кызыккан балдарга ар кандай эмеректерди жасаганды үйрөтсөм деп жатам. Үйдө чакан устаканам бар. Бирок көбүнчө буйрутма берген адамдардын үйүнө барып жасайбыз. 1 айда 30 миңге чейин киреше түшүп турат», - деди уста.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×