Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-сентябрь
Талас облусу, Талас 11.09.2019 10:01 На русском

Айыл турмушу: Таластык А.Аманалиева кайын энесинен каттама жасоону үйрөнүп, ишкерлик кылууда (сүрөт)

Turmush -  Талас шаарынын 26 жаштагы тургуну Айсулуу Аманалиева үйүндө каттаманын түрлөрүн жасап киреше таап жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Манас районунун Бакыян айылынын кызы.

«Мен каттама жасоону апамдан (кайын энеси) үйрөнгөм. Апам көп жылдардан бери каттама жасайт экен. Мен келин болуп келгенде мага да үйрөтүп, экөөбүз чогуу жасап жүрдүк. Каттаманы жасоо оңой көрүнгөнү менен өзгөчө көңүл буруу керек болот. Камыры өтө жука болуп, ар бир каты өзүнчө түшүшү үчүн майды чени менен кошуу керек. Алгач катталган бөлүктөрү жакшы ачылбай, бышпай калган учурлар болгон. Апам аябай токтоо аял болгондуктан, «Бизге эл ишенип буйрутма берип жатат. Ар бир кардардын көңүлүнө жага тургандай кылып жаса» деп үйрөтөт. Анан апам айткан эрежелерди жакшы сактаганга аракет кылам.

Азыркы учурда үйдөн буйрутма менен жасап жатам. Күнүгө 20-30 даанадан чыгарам. Ар бир каттама 50 сомдон бааланат. Ишиме жолдошум көп колдоо көрсөтүп турат. Эртең менен мага кошулуп кардарларга таратып келет. Азыр көпчүлүк тойлорго каттама буйрутма бере баштады. Орозо учурунда, Айт майрамда бардык буйрутманы аткарууга жетишпей калам. Алдыда жолдошум экөөбүз нан жасоочу цех ачууну пландап жатабыз. Ал жерде нандын түрлөрүн, булочка, каттаманын түрлөрүн жасайбыз», - деди ал.

Айсулуу айым 3 баланын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×