Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Ош облусу, Озгон 11.09.2019 08:37

Өзгөндө 8 мектепке 21 интерактивдүү такта тапшырылды

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Өзгөн шаарынын мэри Мухтаржон Халматов мектептерди кыдырып, анын алкагында 8 мектепке 21 интерактивдүү такта тапшырылды. Бул тууралуу Өзгөн шаардык мэриясынан билдиришти.

Кечээ, 10-сентябрь күнү Мухтаржон Халматов шаардагы окуучулардан кабар алды.

«Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылына карата мектептердеги окуу процессин женилдетүү, жаңы ыкмалар менен сабак өтүү үчүн жана окуучулардын сабакка болгон кызыгуусун арттыруу максатында 8 мектепке 21 даана интерактивдүү такта тапшырылды. Такталарды жана анын кошумча аппараттарын сатып алуу, мектептерге орнотуу үчүн шаардык бюджеттен 850 миң сом жумшалган», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×