Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-октябрь
Нарын облусуКочкор району 11.09.2019 08:08 На русском

Турдакун Усубалиевдин уулу Эсенгул Усубалиев көз жумду

Эсенгул Усубалиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты
Эсенгул Усубалиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты

Turmush -  Кочкор районунда Кыргыз ССРнин Компартиясынын Борбордук комитетин 24 жыл башкарган мамлекеттик жана партиялык ишмер Турдакун Усубалиевдин уулу Эсенгул Усубалиев кечээ, 10-сентябрь күнү акыркы сапарга узатылды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга маркумдун жээни Кубан Осмоналиев билдирди.

Эсенгул Усубалиев 71 жашында узакка созулган оорудан улам каза болгон. Анын денеси Кочкор районунун Теӊдик айылында жерге берилди.

Маркум Эсенгул Усубалиев 1948-жылы туулган. Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин тарых факультетин аяктап, ошол эле окуу жайда иштеп, проректор кызматына чейин көтөрүлгөн. Анын уулу Эсенбек дин таануучу, кызы эл аралык уюмдарда иштейт.

Быйыл Кыргыз Республикасынын баатыры Турдакун Усубалевдин 100 жылдыгы белгиленип жатат. Т.Усубалиевдин Сыргак (2007-жылы каза болгон), Эсенгул жана Бермет аттуу 3 баласы бар. Эркин, Эрмек, Энвер, Эсен жана Бегайым аттуу неберелери, Элан, Этар, Эмир, Эмад, Таир-Кемел, Сена-Адел аттуу чөбөрөлөрү бар.

Учурда небереси Усубалиев Эрмек Сыргакович Бишкек шаардык кеӊешинде КСДП фракциясынан депутат.

Турдакун Усубалиев 2015-жылы каза болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×