Бөлүмдөр
Жума, 20-сентябрь
Нарын облусуЖумгал району 10.09.2019 17:45

Кызыл-Жылдыз айылдык китепканасы менен футбол аянтчасына К.Казыбековдун ысымы берилди

Turmush -  Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айылдык китепканасына ардактуу атуул Каныбек Казыбековдун ысымы берилди.

Китепкананын директору Гүлбарчын Борбиеванын айтымында, китепкана 1930-жылдары Кызыл үй деп аталып ачылган. Эми ага ардактуу атуул, коомдук ишмер Каныбек Казыбековдун ысымы ыйгарылды. Ошондой эле айылда курулган кичи футбол талаасына да Казыбековдун ысымы берилди.

«Учурда фондубузда 9300 китеп бар. Мурдагы жылы айыл өкмөтү 116 китепти 30 миң сомго алып беришсе, быйылкы жылы "Бир адамдан бир китеп" долбоору аркылуу Каныбек Казыбеков 60 миң сомго жаңы китептерди алып берген. Ошондой эле долбоордун арты менен 1 миңге чукул китеп чогулуп, 700 гана китеп кабыл алынган. 300гө чукулу китепкананын талабына жооп берген эмес. Ал эми ысым ыйгаруу боюнча айылдык кеңештин токтому чыгарылды», - деди Борбиева.

Айыл өкмөттүн жооптуу катчысы Алтынкүл Байбагышованын айтымында, Каныбек Казыбеков кичи футбол талаасын куруу үчүн жер маселесин чечип берген. Жергиликтүү эл спорт талаасына анын ысымын ыйгарууну сунуштап, колдоо тапкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×