Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-сентябрь
Нарын облусуЖумгал району 10.09.2019 17:32

Жумгалдагы Кайырма—Көлмө жолунун 700 метри асфальтталды

Turmush -  Жумгал районунун Байзак айылынын Орто-Кууганды аймагындагы Кайырма—Көлмө жолунун 0,7 чакырымына асфальт төшөлдү.

Жумгал райондук №24 жол тейлөө мекемесинин башчысы Зарылбек Моңошов билдиргендей, бул жол мурда асфальтталып, көчөнүн этегиндеги 700 метр жол асфальтталбай калган. Бул жылдын планы боюнча райондук жол тейлөө мекемеси республикалык бюджеттин эсебинен 3,065 млн сомго аталган жолду толук асфальттады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×