Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-сентябрь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 10.09.2019 16:47

Ала-Буканын Чоң-Сай айылында фельдшердик-акушердик пункт ачылды

Turmush -  Ала-Бука районуна караштуу Көк-Таш айыл аймагынын Чоң-Сай айылында фельдшердик-акушердик пункт ачылды. Бул тууралуу акимчиликтен билдиришти.

Маалыматка караганда, ФАП үчүн жергиликтүү бюджеттен 2 млн 360 миң сом бөлүнгөн. 112 кожолукту тейлей турган мекеме заманбап медициналык жабдуулар менен камсыздалды. Таза суу чыгарылып, жылытуу системасы орнотулду.

Чоң-Сай айылы район борборунан 125 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×