Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 10.09.2019 16:34 На русском

Бишкек—Ош жолунда мамлекеттик мекеменин жетекчилери таш көчкүгө кабылды

Turmush -  Бишкек—Ош унаа жолунда таш көчкү түштү. Бул тууралуу Жалал-Абад облусуна караштуу Кара-Көл шаардык мэриясы билдирди.

Алардын маалыматына караганда, кечээ, 9-сентябрда саат 21:30 чамасында Күрп-Сай ГЭСинин аймагында, тактап айтканда Бишкек—Ош унаа жолунун 387-427-чакырымында таш көчкү түшкөн. Таштар айрым унааларга дагы тийген.

Алдын ала маалыматтарга караганда, 2 мамлекеттик кызматкер бара жаткан унаалар дагы таш көчкүгө кабылган. Алардын бирөө өз унаасы менен Ош облусун көздөй бара жаткан. Кырсыктан эч ким жабыркаган эмес. 2 унаада мамлекеттик мекеменин жетекчилери болгону айтылууда.

Мэриянын маалыматына таянсак, Бишкек—Ош унаа жолунун 370-374-чакырымы (Капчыгай аймагы) жана 398-427-чакырымы (Аюу-Булак аймагынан Күрп-Сай ГЭСине чейин) кооптуу аймак болуп саналат. Ошондой эле Кара-Көл шаарына тиешелүү жол тилкесинде жамгыр, кар жааган мезгилде жана эрте жазда, күз, кыш айларында таш көчкү түшүшү мүмкүн. Быйыл аталган чакырымдагы жолдордо таштарды атайын түшүрүү иштери жүргүзүлгөн эмес. Ошондой эле 409-410-чакырымдарда жайгашкан 2 тоннелди жарыктандыруу маселеси ушул күнгө чейин чечилбей келет.

«2017-жылы 17-апрелде кечки саат 18:48 чамасында Бишкек—Ош унаа жолунун 408-чакырымында жүк ташуучу унаа таш көчкүнүн кесепетинен талкаланган. Ошол эле жылдын октябрь айында түндө 396-чакырымда "Вольво" үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаага чоң таш тийип, айдоочусу аман калган. Андан тышкары №30 жол тейлөө ишканасынын кызматкери да таш көчкүдөн жабыркаган», - деп айтылат мэриянын маалыматында.

Транспорт жана жолдор министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, учурда Бишкек—Ош унаа жолунун 390-427-чакырымында түшкөн таштар тазаланып жатат. Жол ачык. Жумуштарга №30 жол тейлөө ишканасынын атайын техникасы жана жумушчулары тартылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×