Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Ош облусуАраван району 10.09.2019 16:05 На русском

Араванда пахта жыйноо иштери башталды

Turmush -  Араван районунда кечээ, 9-сентябрь күнү пахта жыйноо иштери башталды. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Нуркыз Кадырбек кызы билдирди.

Пахта жыйноо иштерине өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев, анын орун басары Ахмаджан Махамаджанов, райондун акими Курбан Айтибаев жана жергиликтүү дыйкандар катышты.

«С.Юсупова айыл өкмөтүндө "К-59" сортундагы пахта мол түшүм берүүдө. Быйыл облус боюнча пахта өндүрүү өткөн жылга салыштырмалуу 11 пайызга көп болду. Эми түшүмдүү сортторду жайылтуу иштери жүргүзүлөт. Эмдиги жылы пахтаны кайра иштетүүчү 2 ишкана куруу пландалууда. Дыйкандар жай мезгилинде аба ырайы ысык болгондуктан түшүм мол болгонун айтышууда», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×