Бөлүмдөр
Жекшемби, 15-сентябрь
Чүй облусуПанфилов району 10.09.2019 13:45

Панфиловдо Комуз күнүнө карата концерт уюштурулду

Turmush -  Панфилов районунда 9-сентябрь — Комуз күнү Г.Сулайманова атындагы Кайыңды мектеп-гимназиясынын базасында белгиленди. Ага райондун жетекчилери, айыл өкмөттөрдүн өкүлдөрү, мугалимдер жана окуучулар катышты. Бул тууралуу райондун маданият үйүнүн директору Айнура Касманкулова аймактык кабарчыга билдирди.

«Комуз күнүн белгилөө өлкөбүздө жагымдуу саамалык болду. Президентибиз 2019-жылдын 29-июлунда "Комуз күнү жөнүндөгү" жарлыкка кол койгон. Ошол күндөн баштап райондо мындай иш-чараны уюшкандыкта өткөрүү боюнча аракеттер көрүлө баштаган.

Комуз күнү элибиздин жашоосунда өзгөчө орунду ээлейт. Биз буга терең маани берүүбүз абзел. Ал салттуу руханий маданиятыбызды өнүктүрүүдө философиялык ой түрмөктөрүн камтып турат. Ошондон улам өзгөчө көңүл буруу менен Г.Сулайманова атындагы Кайыңды мектеп-гимназиясынын базасында салтанатты өткөрдүк. Ага көптөгөн жергиликтүү тургундар катышты.

Салтанаттын ачылышында раймадминистрациянын башчысынын орун басары Сартбай Сүйүналиев мазмундуу сөз сүйлөп, кылым карыткан кыргыз элинин жашоо образын комузсуз элестетүү мүмкүн эмес экенине токтолду. Андан соң айыл аксакалдары, маданият кызматкерлери, мугалимдер да комуз жөнүндө тарыхый маалыматтарды айтышты. Төкмө акын Амантай Сатылганов комузду даңктады. Ал эми шайыр апалар комуздун коштоосунда бир нече ырларды жаңыртты. Мындай иш-чара жыл сайын жогорку деңгээлде өткөрүлүп турары да айтылды», - деди маданият үйүнүн директору.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×