Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Ош облусуӨзгөн району 10.09.2019 12:19

Өз үйүндө өлтүрүлгөн мурдагы акушер аялдын бир уулу да каза болгон

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Өзгөн районунда өз үйүндө бычакталган акушер айымдын денеси кечээ, 9-сентябрь күнү жерге берилди. Бул тууралуу Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн башчысы Раимберди Курманкулов билдирди.

Окуя болгон жерге Өзгөн РИИБдин жана Ош ОИИБдин ыкчам тергөө барып, Мырза-Аке айылынын тургуну Н.Ч. (аял киши) жашаган турак үйү жарым-жартылай өрттөнүп, кожойкенин көкүрөк тушуна, далысына 9 жолу учтуу буюм менен сайылганы аныкталган. Н.Ч. окуя болгон жерден каза болгон. Ал үйүндө 13 жаштагы небереси менен чогуу жашачу.

Өрттүн кесепетинен маркумдун чачы жана буту дагы күйгөнү аныкталды.

«Буга чейин маркумдун уулу киши колдуу болуп каза болгону айтылып жүргөн. Ошол баласынын 7-класста окуган кызы менен чогуу жашачу. Бир уулу да биздин эле айылда, бирок бөлөк жашачу.

Маркум күчтүү сыныкчы эле. 5-6 жыл мурун бел сөөгү чыгып кеткендерди айыктырып берген. Издеп келгендер көп болчу. Өтө керектүү адамды жоготуп отурабыз», - деди Р.Курманкулов.

Буга чейин Ош ОИИБ окуя болгон түнү маркумдун небереси түтүндөн улам ойгонуп, чоң апасынын жерде жатканын көргөндөн кийин кошуналарын чакырганын билдирген. Маркум буга чейин акушер болуп эмгектенип, пенсияга чыккандан кийин сыныкчы (костоправ) болуп иштеп жүргөн. Үйүндө 200 миң сом акчасы болгон.

Аталган факт Өзгөн РИИБ тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тийиштүү экспертизалар дайындалган жана Жазык кодексинин 130-беренесинин (Адам өлтүрүү) негизинде сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Маркумдун үйүнө көп адамдар келип-кеткендиктен, ар тараптуу версиялар текшерилип жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×