Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Жалал-Абад облусуНоокен району 09.09.2019 19:06

Түшүмдүү жүгөрү өстүргөн ноокендик дыйкан тажрыйбасы менен бөлүштү. Сүрөт

Turmush -  Ноокен районунда талаа күнү белгиленди, деп билдирет аймактык кабарчы.

Анда райондогу дыйкандарга агрономдор тарабынан жүгөрүнүн сорттору, сапаттуу үрөндөрдү өстүрүү, жер семирткичтерди колдонуу, зыянкечтерден коргоо жана түшүмдүүлүк жөнүндө маалыматтар берилди.

Иш-чарага акимдин биринчи орун басары Жеңишбек Атыбаев, райондук агрардык өнүктүрүү департаментинин башчысы Турдумамбет Эшиев, агрономдор жана дыйкандар катышты.

10 жылдан бери жүгөрүнүн ар түрдүү сортторун эгип келген Шайдан айылынын тургуну Аскербек Мыктаров быйыл 16 гектар жерге жүгөрүнүн 7 түрүн өстүргөнүн айтып, тажрыйбасы менен бөлүштү. Анын айтымында, ушул жылдын жаз мезгилинде Кыргызстанда 7 жылдан бери айыл чарба тармагында үрөн менен иштеген уюмдан түшүмдүүлүгү жогору гибрид үрөнүн алган.

«Учурда түшүм жыйноо алдында турабыз. Бул жүгөрүлөр 130-140 күндө бышып жетилет. Өткөн жылдарга салыштырмалуу түшүмдүүлүк жогору. Бир гектарына 18 центнерден айланды. Буга чейин жүгөрүнү жыйноо дыйкандар үчүн бир топ кыйынчылыкты жаратып келген. Анткени талаадан кол менен жыйнап, короого алып барып кургатууга көп убакыт талап кылынчу. Эми комбайн данынан ажыратып берет. Бизге жыйноо жагынан жеңилдиктер болду. Жаңы сорттогу жүгөрүлөр салыштырмалуу түшүмдүү болду», - деди дыйкан Аскербек Мыктаров.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×