Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-сентябрь
Баткен облусу, Баткен 09.09.2019 17:30

Тажикстандык ырчы Н.Узакбаева кыргызча ырларды аткарууда. Видео

Turmush -  Тажикстандын Согди облусунун тургуну Насибахан Узакбаева жаш кезинен бери эле кыргыз ырларын ырдап келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, кыргыз тилин студент кезинде үйрөнгөн. Тажикстанда Ч.Айтматовдун чыгармаларынан үзүндү аткарган актриса катары да белгилүү. Кыргыз-тажик элинин тили башка болгону менен дили жана маданияты бир деп эсептейт.

«Кыргыз тилин театралдык институтта окуп жүргөнүмдө Макамбай аттуу курсташым аркылуу үйрөнгөм. Дипломдук ишибизге Ч.Айтматовдун «Ак кеме» чыгармасынын негизинде спектакль аткарганбыз. Мен башкы каарман болгон баланын чоң энесинин ролун ойногом.

Мугалимим болсо «кайгырганда кайгыңды билдирүү үчүн кыргызча ыр үйрөн» деди. Мен Макамбайдан бир кыргызча ыр таап берүүнү сурандым. Ал мага «Күйдүм чок» деген ырды үйрөттү. Экөөбүз аны аккордеон менен ырдадык. Мен бул ырды жан дүйнөм ооруп, капаланганымда ырдасам жеңилдеп калам. Ал эми «Өзгөчөм» аттуу ырды шайыр ыр деп эсептейм. Бул ыр да мага абдан жагат», - деди ал.

Насиба Узакбаеванын жолдошу Согди облустук телеканалында режиссер болуп иштейт. Экөөнүн ортосунда 3 бала бар. Эң улуу кызы 35 жашта, экономист. Андан кийинки уулу 29 жашта, агротехнолог болуп эмгектенет. Кичүү кызы 22 жашта, медицина тармагында 5-курста билим алууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×