Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-сентябрь
Баткен облусуКадамжай району 09.09.2019 16:47

Кадамжай районунда Комуз күнү белгиленди

Turmush -  Кадамжай районунда бүгүн, 9-сентябрь — Комуз күнү белгиленди. Бул тууралуу Кадамжай райондук маданият бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, атайын иш-чара Бүзейнеп Өмүрзакова атындагы балдар музыкалык мектебинде уюштурулган. Анда мугалим Хамаридин Гапыров «Камбаркан» күүсүнүн чыгышы жөнүндө баяндама жасады. Андан соң «Исфайрам» комузчулар ансамблинин окуучулары күүлөрдү чертип беришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×