Бөлүмдөр
Жекшемби, 15-сентябрь
Ош облусуАлай району 09.09.2019 16:11

Алайда Комуз күнү салтанаттуу белгиленди (сүрөт)

Turmush -  Бүгүн, 9-сентябрь күнү Алай районунда Комуз күнү белгиленип, салтанаттуу иш-чарага райондун акиминин орун басары Бактыбек Осмонов, райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Эдил Бакаев жана жергиликтүү тургундар катышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Иш-чаранын башында Бактыбек Осмонов сөз сүйлөп, катышуучуларды Комуз күнү менен куттуктады. Андан соң С.Дооронов атындагы балдардын көркөм өнөр мектебинин окуучулары кыргыздын залкар комузчуларынын күүлөрүн аткарышты. Ошондой эле комуздун жана чертилип жаткан күүлөрдүн тарыхы айтылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×