Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 07.09.2019 22:30

Караколдо көл жээгинде Комуз күнү белгиленди

Turmush -  Бүгүн, 7-сентябрда Каракол шаарынын Пристань Пржевальск аймагындагы шаардык пляжда Комуз күнү белгиленди, деп маалымдайт Turmush басылмасынын кабарчысы.

Ага Каракол шаардык балдар искусство мектебинин, Ак-Суу балдар музыка мектебинин комузчулары катышты. Иш-чаранын башында алгач маданият бөлүмү тарабынан кыргыз элинин улуттук аспабы болгон комуздун жаралуу тарыхы, улуу күүлөр, аларга байланыштуу легендалар тууралуу маалымат берилди. Андан кийин 48 комузчу бир убакта көчмөн элинин гимнине айланган «Маш ботой» күүсүн аткарышты. Уюштуруучулардын айтымында, иш-чаранын максаты — комузду, кыргыз күүлөрүн даңазалоо.

Иш-чара 9-сентябрь — Комуз күнүнө карата уюштурулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×