Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-октябрь
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 07.09.2019 19:26

Чолпон-Атада төрөлгөн үч эм бала бакчага бара баштады

Turmush -  Чолпон-Ата шаарында 2017-жылы 4-октябрда төрөлгөн үч эм — Адил, Адел, Алия бала бакчага бара башташты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга үч эмдин чоң энеси Жаңыл Жунусова билдирди.

2 жаштагы үч эм Чолпон-Ата шаарындагы №3 «Айданек» бала бакчасына барышты. Чоң энесинин айтымында, балдардын ата-энеси да ушул балдар бакчасында тарбияланышкан.

«Неберелериме бала бакча абдан жагып жатат. Алия менен Адел абдан тентек, ал эми Адил жоош. Күн сайын үчөөнү уул-келиним менен чогуу алып келип жатабыз», - деп билдирди чоң эне.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×