Бөлүмдөр
Жекшемби, 15-сентябрь
Ош облусуКара-Суу району 06.09.2019 18:09 На русском

Кара-Сууда чет өлкөлүк жаранды сабап, ири суммадагы акчасын, буюмдарын уурдап кетишти

Иллюстративное фото
Иллюстративное фото

Turmush -  Кара-Суу районунда каракчылык менен алектенген 6 өспүрүм колго түшүрүлдү. Бул тууралуу Ош ОИИБ билдирди.

Ушул жылдын 31-август күнү Кара-Суу районунун ички иштер бөлүмүнө денесинен жаракат алып, ооруканага түшкөн чет өлкөлүк жаран тууралуу маалымат келип түшкөн. Анын негизинде Кара-Суу РИИБдин ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барышкан. Алардын маалыматына караганда, 30-август күнү саат 23:00 чамасында 1964-жылы туулган Л.Л. аттуу чет өлкөлүк жарандын Кара-Суу шаарындагы үйүнө бейтааныш 4 адам кирген. Аны бычак менен коркутушуп, колу-бутун байлап, уруп, 20 миң сом акчасын, 30 миң сомдук чөнтөк телефонун жана 20 миң сомдук ноутбугун алып кетишкен.

Ош ОИИБдин жана Кара-Суу РИИБдин Криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында 2-сентябрь күнү Кара-Суу шаарынын тургундары — 2002-жылы туулган М.М. (мурда соттолгон), 2003-жылы туулган Х.у.Х., 2004-жылы туулган К.С. жана 2002-жылы туулган Б.Б. (мурда соттолгон) кармалган. Тергөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүүлөрдүн жанынан жабырлануучуга таандык уюлдук телефон жана ноутбук табылган.

Ошондой эле кармалгандардын башка кылмыштары да белгилүү болду. Алар башка адамдарды дагы карактап, уурулук кылган фактылары аныкталып, шериктери — 2003-жылы туулган Б.И. жана 2005-жылы туулган Б.А. (Кара-Суу районунун тургундары) кармалды.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 202-беренесинин (каракчылык), 200-беренесинин (уурулук) жана Жоруктар жөнүндө кодексинин 90-беренесинин (Орчундуу эмес өлчөмдө уурдоо) негизинде сотко чейинки өндүрүш иштери башталып, шектүүлөр М.М. жана Б.Б. Кара-Суу райондук сотунун чечими менен 1 айга камакка алынды. Ал эми калган шектүүлөр өспүрүм болгондуктан соттун чечими менен үй камагына чыгарылып, ата-энелерине өткөрүлүп берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×