Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 06.09.2019 16:00 На русском

Караколдогу милиционерлер атасы жалгыз багып жаткан 9 жаштагы балага кийим-кече, окуу куралдарын алып беришти

Turmush -  Каракол ШИИБдин кызматкерлери 9 жаштагы окуучуга окуу куралдарын алып беришти. Бул тууралуу аталган түзүмдөн билдиришти.

Маалыматка караганда, шаардын 53 жаштагы тургуну 9 жаштагы баласы Иманды 3 айлык кезинен бери жалгыз багып келет. Баласы быйыл 2-класска барды. Атасы социалдык жардамга муктаж болгондуктан баласына жаңы окуу жылына карата кийим алып берүү оор болгон. Милиция кызматкерлери бул тууралуу кабардар болуп, өздөрүнүн каражатына балага мектеп формасын, окуу куралдарын алып беришти.

Аталган үй-бүлө акысын төлөй албай калгандыктан 8 жылдан бери электр тогу жок жашап келе жатканы такталды. РЭСтин жетекчилиги бул көйгөйдү чечип, үйгө электр тогун улап берди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×