Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 06.09.2019 14:12 На русском

Турмуш кургандан кийин сүйүүгө кабылган Кымбат жеңе күйөөсүнүн аттестатын көргөндө эмнеге ыйлаган?  

Turmush -  Ак-Суу районунун Теплоключенка айылынын 39 жаштагы тургуну Кымбат Шаймергенова турмушка чыкканда сүйүүгө кабылган. Ал аймактык кабарча кызыктуу окуяларын айтып берди.

Кымбат Шаймергенова Түп районунун Тасма айылында туулган. 19 жашында турмушка чыккан. Билимим жогорку. К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин кыргыз филология факультетин аяктаган. Азыркы учурда Ак-Суу райондук үй-бүлөлүк медицина борборунда ден соолукту чыңдоо кабинетинин жетектөөчү адиси кызматында иштейт.

Жолдошу Талант Шабданбаев 1980-жылы төрөлгөн.

«Анда жолдошум дагы 19 жашта болчу. Эки агасынан биринчи үйлөнгөн. Биздин убакта отуруш деп койчу элек. Экөөбүз бир отуруштан таанышып калдык. 3 жыл сүйлөштүк. Бирок мага такыр жакчу эмес. Апам эле «эми чыгып койчу. Тигил айылдан бери убара болуп келсе» деп айта берчү. Айла жок чыкчумун. Достору менен күйөөмдү шылдыңдай берер элек. Ал болсо менин көзүмчө сүйлөй албай калчу. Ошентип жүрүп экөөбүз баш коштук. Негизи никеден кийинки сүйүү бекем жана түбөлүктүү болот дегенге ишенем. Анткени меники дал ошондой болду. Күйөөмдү үйлөнгөндөн кийин аябай катуу сүйдүм», - деди ал.

Анын жолдошу Талант Шабданбаев 1980-жылы төрөлгөн.

«Турмушка чыккандан кийин көп кызыктуу окуялар болду. Биз үйлөнүп, той бүткөндөн кийин кайын агама «мен сизге жүгүнөйүнбү?» деп сурасам, ал уялып кетип «жок» деп жооп берген эле.

Негизи мен мектепте аябай жакшы окудум. Жаман окуган балдарды жек көрчүмүн, сүйлөшкүм келчү эмес. Күйөөм экөөбүз үйлөнгөндөн кийин анын аттестатын көрүп алып бир күн кечке ыйлагам. «Сен жаман окуучу турбайсыңбы?» дегем.

Бош убактымда китеп окуйм, үй жумуштары менен алектенем. Келечекте максатым, жолдошум, балдарым менен чогуу Дубайга барып, саякаттап келсек дейм», - деди ал.

Кымбат жеңе бир кыз, бир уулдун апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×