Бөлүмдөр
Жума, 20-сентябрь
Талас облусуКара-Буура району 05.09.2019 22:03

Айыл турмушу: Кара-бууралык уста Э.Ибраимов 7000 сомго чейин бааланган комуздарды жасап сатат (сүрөт)

Turmush -  Кара-Буура районуна караштуу Бейшеке айылынын 41 жаштагы тургуну Эрик Ибраимов 7000 сомдук комуздарды жасап сатууда. Аймактык кабарчы уста менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, комуз чаап келе жатканын 10 жыл болду.

«Чоң аталырымдын баары уста болгон экен. Бирок мен комуз чапканды эч кимден үйрөнгөн жокмун, өз алдынча өздөштүрүп кеттим. Кызыгуум күч болуп, комуз чапкым келип, ушул иш менен алек болуп калдым. Өз алдымча өздөштүргөндүктөн бир чапканда эле баары оңунан чыгып кеткен жок. Башында өрүктүн жыгачын сарайга 1 жылдай кургатып жүрчүмүн. Анан станокко салып, тилип алып чаап баштачумун. Акырындан ыгын билип алдым. Азыр өрүктү жыгып алгандан кийин эле жыгачын станоктон өткөрүп комуздун формасын түшүрүп коем. Сомдоп алып, казанга 40 мүнөт кайнатам. Ошондо жыгачтан жаракка кетпейт. Изденип отуруп көп сырын билип калдым. Бир чапканда 2-3 комуз сомдоп коём.

Буйрутмалар Талас ичинен жана жакынкы коңшу айылдан келет. Комуздарым 5000-7000 сомго чейин сатылат. Буларды бир гана өрүктөн чабам. Өрүктөн жасалган комуздун үнү уккулуктуу болот. Комузга кызыккандар көп, келип сатып алышат. Комузду жасап бүткөндөн кийин чертип, күүгө салып өзүм текшерем. Бизде тубаса музыкалык талант дагы бар. Азыркы кезде өзүмдүн балама үйрөтүп жатам. Буйруса устаканамды кеңейтип, атадан келе жаткан өнөрдү балдарыма, кийинки муундарга үйрөтсөм дейм.

Жаштардан үйрөнөм деп келишчү. Бирок бул майда жумуш болгондуктан эч ким улап кеткен жок. Экөөлөп кармап жасай турган жерлери бар. Ошондо досторумдан чакырам. Алар кармашып жардамдашат, бирок эртеси келбей качышат (күлүп). Менин кызыгуум чоң болгондуктан майда жана чоң иштерине маани бербейм», - деди ал.

Уста 3 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×