Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 04.09.2019 16:04

«Мекендештер»: Россиядагы Б.Мамаев уулунун жентек тоюнда волейбол боюнча турнир уюштурду

Turmush -  Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Куршаб айылынын 33 жаштагы тургуну Бектурсун Мамаев уулунун жентек тоюнда Россиядагы мекендештер үчүн волейбол мелдешин өткөрдү.

Анын айтымында, мелдеште 10 команда күч сынашты. 1-орунду ээлеген «Стерс-Уссурийск» командасына 30 миң рубль, 2-орунду алган «Кыргызстан» командасына 20 миң рубль, 3-орунду ээлеген «Ош» командасына 10 миң рубль тапшырылды. Андан сырткары Хабаровск шаарынан келген команда «Мыкты команда» деп аталса, «Мыкты оюнчу» наамы Алик аттуу жигитке ыйгарылды.

Мамаев Бектурсун Маматкасымович Куршаб айылында 1986-жылы төрөлгөн. Жубайы Жаңыл Жакыпбаева ушул эле айылда 1988-жылы төрөлгөн.

«2019-жылдын 19-август күнү уулум жарык дүйнөгө келди. Бул төртүнчү балам. 2 уул, 2 кыздын ата-энеси болдук. Уулумдун атын Райян деп койдум. 2003-жылдан бери Владивосток шаарында эмгектенем. Кыргызстанга жыл сайын барып турам. Бул жакта соода-сатык менен алекмин», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×