Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 04.09.2019 13:50 На русском

Өзгөндүн эң чоң айылында 18 млн сомго таза суу чыгарылды

Turmush -  Өзгөн районунун Кароол айыл өкмөтүндөгү Мырза-Арык айылынын жашоочуларынын 95 пайызы таза суу менен камсыз болду. Бул тууралуу аталган айылдын башчысы Арынбек Шамшыев билдирди.

Анын айтымында, Мырза-Арык айылы — айыл өкмөттөгү эң чоң айыл.

«Биздин айылга алгачкы жолу 1974-жылы таза суу тартылган. Бирок тургундардын баары камсыз болгон эмес. Өкмөттөн 18 млн сом каражат бөлүнүп, араб инвесторлорунун жана жергиликтүү тургундардын колдоосу менен суу жетпеген аймактарга таза суу тартылды. Ал 7 чакырым алыстан тартылып, 2-сентябрь күнү пайдаланууга берилди», - деди А.Шамшыев.

Мырза-Арык айылында 6 миң 553 адам жашайт. Ал эми Кароол айыл өкмөтүнө жалпы 3 айыл карайт: Мырза-Арык, Шералы, Орто-Арык.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×