Бөлүмдөр
Жекшемби, 15-сентябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 04.09.2019 09:18

Ак-Талаанын Үгүт айылында спорттун 3 түрү боюнча мелдеш уюштурулду

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Үгүт айылында «Спорт — ден соолуктун булагы!» аталыштагы спорттук мелдеш өткөрүлгөндүгүн айыл өкмөт башчысы Изат Эсенгулов аймактык кабарчыга билдирди.

Маалым болгондой, Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жана Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 28 жылдыгына карата 1996-жылы туулган жигиттер тарабынан спорттун футбол, волейбол жана стол үстүндөгү теннис түрү боюнча мелдеш өткөрүлдү. Мелдештин жалпы байге фондусу 50 миң сомду түздү.

«Айылыбызда ар бир даталуу күндөргө карата спорттук оюндар уюштурулат. Спорттук мелдешти ар бир муундун өкүлдөрү байгеге каражат коюп өткөрүшөт. Ошондой эле ортодо өтмө кубок ойнотулат», - деди айыл өкмөт башчысы.

Мелдештин соңунда жеңүүчүлөр акчалай байгелерге жана дипломдорго ээ болушту.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×