Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-сентябрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 03.09.2019 18:17 На русском

Айыл турмушу: Карамат айым жасаган тандырлар чет өлкөлөргө ташыла баштады

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Базар-Коргон айыл аймагынын тургуну Карамат Токторалиева тандыр жасоо менен алектенет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал тандыр жасоого чейин 2 гектар жерге жашылча-жемиштердин түрүн өстүрүп, өзүнүн керектөөсүнөн ашканын базарга алып чыгып сатчу. Кийин өзүнүн ишмердүүлүгүн өзгөртүүнү чечкен.

Былтыр 500 миң сом насыя алып, өзү жашап жаткан үйдүн бир капталына тандырдын ордун даярдаган. Баарын жасаганы менен райондон тандыр жасоого керектелүүчү ак топуракты таба албай кыйналды. Райондогу адырларда топурак шордуу келип, тандыр жасоого жараксыз болгон. Мындан улам Сузак районунун Түрк-Абад айылынан топурак сатып алууну чечкен.

«Тандыр жасоого райондо ак топурак жокко эсе. Бир унаа топуракты 600 сомдон сатып алам. Андан нан бышыра турган 12 даана тандыр жасоого болот. Тандырдын ар бири 1 миң сомдон 1200 сомго чейин сатылат. Көлөмү чоң тандырдан төрт же беш даана чыгат. Алардын баасы 3 миң сомдон 8 миң сомго чейин. Негизи биздин аймакта тандыр жасоо менен тиричилик кылган адамдар арбын. Ар биринин өзүнчө ыкмасы болот», - дейт ал.

Анын айтымында, тандыр жасоонун дагы түйшүгү бар. Алгач ак топуракты ачытып алуу керек. Топурак жайында 3 күндө, суук түшкөндө 1 аптада ачыйт. Кургаган соң тандырды 25-30 саатка жакын отко коёт.

«Тандырды өз ыкмасы менен жасасаң үйдө 20 жылга чейин колдонсо болот. Наабайкана үчүн жасалгандар 3 жылга жетет.

Биз тандырдын үч түрүн, тактап айтканда жер, асма, самса деген түрүн жасайбыз. Жер тандыр наабайканадагылар үчүн, асма тандыр үй шартында колдонулат. 10 нандан тарта 80-90 нан батканга ылайыкташтырып жасайбыз. 10 нан баткан тандырды көбүнчө чакан үй-бүлөлөр алышат, 15-20 нан баткан тандырлар көп сатылат», - дейт ал.

Анын пикиринде, тандыр жасоодо аял кишинин түйшүгүн эске алат. Анткени өзү да нанды көп жапкандыктан аялдардын көйгөйүн жакшы билет.

«Убагында чоң энелерибиз үй шартында эле тандыр жасаганын көрүп калганбыз. Тандыр жакшы болбой калса нан жабышып, чыкпай кыйнайт. Айылдагы айымдар ансыз да үй түйшүгүнөн арылбагандыктан жок дегенде нан жапканда кыйналбасын дейм. Аял киши үчүн тандыр жасоо кыйын. Ага карабастан кардарлар көп буйрутма берип калганда өзүм кошо аралашам. Мен чакан тандырларды жасоого жардам берем. Көбүнчө калыңдыгына, өлчөмүнө көз жүгүртүп турам», - дейт Карамат Токторалиева.

Анын айтымында, учурда алардын тандырларын Россияга, Казакстанга чейин алып кетип жатышат. Ноокенден, Аксы, Ала-Бука, Таш-Көмүрдөн жана Бишкек шаарынан дагы келген кардарлар сатып алышат. Туруктуу кардарлары дагы бар. Ошондуктан бир жыл мурда алган насыясынан кутулуу алдында турат.

Эки уулун тарбиялап жаткан Карамат айым балдары жогорку билим алышса дагы ушул өнөрдү үйрөнсүн деп үйрөтүп жатат. Андан сырткары жумушчулары бар.

К.Токторалиева «Эрайым» АКБсы тарабынан айылдагы кыз-келиндердин башын кошкон өз жардам тобуна биринчилерден болуп мүчө болгон. Ошондой эле «Үй-бүлөлүк бюджет», «Ишкерликтин сырлары» деген окуу тренингдерине катышты. Айылдагы айымдарды да активдүү болууга үндөп келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×