Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 03.09.2019 15:22

Ысык-Көлдө бир жумалык рейдде 1 миңден ашык айдоочу айыпка жыгылды

Turmush -  Ысык-Көл облусунда бир жуманын ичинде жол эрежесин бузган 1 миңден ашуун айдоочу аныкталды. Бул тууралуу облустук ЖККК бөлүмүнөн билдиришти.

Маалым болгондой, рейд 26-августтан 1-сентябрга чейин жүргүзүлүп, анын алкагында 1312 айдоочуга айып салынды. Алардын ичинен 625 айдоочу коопсуздук курун тагынган эмес. 456 айдоочу ылдамдыкты чегинен ашырып айдаган. Ал эми мас абалда унаа башкарган 22 айдоочу кармалган.

«Рейд облустун баардык район жана шаарларында өткөрүлүп, жол сакчылары айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат. Мындан тышкары облустун аймагында «Саламатсыңбы, мектеп!» рейди жүргүзүлүп, жол тескөөчүлөр мектептерде иш жүргүзүп жатышат», - деп билдиришти ЖККК бөлүмүнөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×