Бөлүмдөр
Жума, 20-сентябрь
Талас облусуТалас району 03.09.2019 13:03 На русском

Айыл турмушу: Таластык К.Сатыбалдиев 20 жылдан бери устачылыкты аркалап, очокторду жасап жатат (сүрөт)

Turmush -  Талас районуна караштуу Көк-Кашат айылынын 52 жаштагы тургуну Кадыркул Сатыбалдиев үйлөрдү жасалгалап, очокторду жасайт. Аймактык кабарчы устадан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, 1 айда 3-4 үйдүн сыртын жасоого үлгүрөт.

«1999-жылдан тарта устачылык өнөрүм менен элге кызмат кылып, киреше таап келем. Алгач жыгач иштери менен баштагам. Бул кесип өзүмө абдан жагат. Бала кезимден эле үйлөрдү оңдоп-түздөөгө кызыкчумун. Ар бир иштин көзүн таап жасаганда эмгек өзүңө жагат. Көңүлүңө жаккан жумуш кардарга дагы жагат. Азыр жыгач жумуштары азыраак. Үй жасалгалоого жана очоккана салдырууга талап көп. Бир турак үйдүн ичин жана сыртын кооздоп, жылуулап чыкканга 1 жумадай убакыт кетет. Сапатка жана кооздукка өзгөчө көңүл бурам. Себеби баланчанын эмгеги деп айтылып калат. Кудайга шүгүр, мээнетим кайтып, элдин ыраазычылыгын угуп, буйрутмалар көп келет. 1 айда 3-4 үйдүн сыртын жасоого үлгүрөбүз.

Очокканалар татаалдыгына жараша 7000 сомдон 10000 сомго чейин салынат. Алгач кардар менен келишип, материалдарын эсептеп чыгабыз. Анан кардар материалын алып келет. Материал мыгына чейин даяр болсо, аны тез арада салып коём. Эл эмгегимди бааласа мен чарчаганымды туйбай кызматта болом. Кийимдин түрлөрү мода куугандай эле биздин иш дагы жаңыланууну талап кылып турат. Андыктан тажрыйба алмашуулар болот. Үйрөнөм деген жаштар дагы чыгат. Бул жакшы көрүнүш. Жасалгалап жаткан үйдүн ээси «балама да үйрөтүп койчу» деген учурлар болот. Бирок көп нерсе адамдын дээринен көз каранды.

Сезон убакта 100 миң сомдон ашык киреше табам. Жумуш оор, киши ыгын тапса оорчулугуна моюн сунбайт. Мен өзүм тынч отурбастан бир нерсе жасап, күнүмдүн ар бирин эмгек менен өткөргөнгө аракет кылам. Жашоонун маңызы дагы ошо. Мээнет кылып, таза тыйын таап, жаштарга үйрөтүү жашообуздун алдыга жылганы деп эсептейм», - деди ал.

Уста 4 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×