Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 03.09.2019 10:12

Ак-Суунун Шапак айылындагы мектептин окуучуларына ысык тамак берилет

Turmush -  Ак-Суу районунун Шапак айылындагы У.Мырзакматов атындагы орто мектептин окуучуларына ысык тамак бериле баштайт, деп билдирди айыл башчы Адилет Апазов.

Анын айтымында, окуучуларга ысык тамак берүү үчүн 1 млн сом жумшалды.

«Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунан 400 миң сом, эл аралык уюм тарабынан 450 миң сом бөлүнүп, ашкана жабдыктары алынды. Ал эми ата-энелер ашканага керектүү идиштерди алып бермей болду. Кийинки жумадан баштап башталгыч класстын окуучуларына ысык тамак берилет», - дейт А.Апазов.

Мектепте жалпы 200 окуучу билим алат. Анын ичинен 92 бала башталгыч класстын окуучулары.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×