Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-сентябрь
Талас облусу, Талас 02.09.2019 17:28

Айыл турмушу: Оператор Ч.Бокошев кесиби менен кокусунан иштеп калган (сүрөт)

Turmush -  Талас шаарынын 35 жаштагы тургуну Чыңгыз Бокошев 8 жылдан бери телеканалда оператор болуп эмгектенип келе жатат. Аймактык кабарчы андан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, кокусунан оператор болуп калган.

«Өзүм 11-классты бүткөндө Таластагы телеканалга кароолчу болуп жумушка киргем. Бул жакта оператор жетишпей калып, мени камерага тартып коюуну суранышты. Ошентип өз алдымча тартып жүрүп, эч кимдин жардамысыз камера менен иштегенди үйрөнүп кеттим. Андан кийин видеолорду монтаждаганды Эркинай деген эже үйрөттү. Иштеп жатканыма быйыл 8 жыл болот. Жаңы иштеп жүргөндө кызыктуу учурлар көп болот. Камерага тартып жүргөндө адашуулар көп болгон (күлүп). Жаңы камералардын баскычтары көп, кайсынысын басарымды билбей кыйналгам. Башында 4 жылдай берилип, жүгүрүп жүрүп иштедим десем болот. Жаш экенбиз, бул тараптан тартса мындай кадр чыгат экен деп изденүүлөр көп болду. Бир орунда турчу эмесмин. Кийинки учурларда кадр көп бааланбай калгандыктанбы бир калыпта иштеп калдык. Бул жылдары иштеп жүрүп ар кандай ардак грамоталардын ээси болдум. Губернатордон, мэриядан жана башкалардан сыйлык алдым.

Эң эсте калганы жаңы камера келгенде Таластагы №1 мектепте спорттук иш-чараны тартып калдым. Иш-чара башталганда камерамды күйгүзүп карасам эле экраны капкара болуп турат. Эмнеге көрсөтпөй жатат деп батарейкасын алып, өчүрүп-күйгүзүп көрөм. Ага деле болбойт. Ошентип ары-бери басып жүрсөм Ислам деген оператор бала келип калды. Ал «Чыңгыз аке, эмне болду? Ары-бери чуркап жүрөсүз» деп калды. Ага айтсам камерамды башына кийгизилген капкакты ачып берип койду. Аябай кыжалат болуп жаттым эле, сүйүнгөнүмдү айтпа. Негизи эле ар кандай окуялар көп болот.

Кичине кезимде тиш дарыгери болгум келчү. Теледе иштеп калам деген ойлор деле болчу эмес. Өзүм Таласта чоңойсом да ак үйдүн (облустук администрациянын имараты) ичин көргөн эмесмин. Ак үйдүн ичин кароолчудан кантип өтүп кыдырып көрсөм болот деп жүрчүмүн. Азыр ал жакка көп баргандыктан киргим деле келбейт (күлүп).

Азыркы учурда техникумдан алган дипломум бар. Негизи кесипти биз тандабайбыз, кесип бизди таңдап алат деген туура экен. Оператор болуп калам деп эч ойлогон эмесмин. Өкүнгөнүм — дарыгер болбой калганым. Ага деле шык керек экен. Өзүмдүн апам медайым болуп иштечү. «Балам, окуп ал, кийин керек болот» дегенде окуу жайга баргам. Бирок азыр деле окугум келет. Азыр режиссердун окуусун окуп бүтсөң, оператор да болот экенсиң. Ошол жактан окусам деп ойлонуп жатам», - деди ал.

Чыңгыз мырза үй-бүлөдө 3 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×