Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 02.09.2019 15:18

Караколдо Билим күнү белгиленди (сүрөт)

Turmush -  Бүгүн, 2-сентябрда Каракол шаарындагы мектептерде Билим күнү белгиленди, деп билдирет Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

Каракол шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Жеңиш Урумовдун айтымында, быйыл биринчи жолу мектеп босогосун аттаган окуучулардын саны көп.

«Бир жуманын ичинде мектептерде окуучулардын саны такталып, 1-класска кирген окуучулардын саны так билинет. Биз май айында жүргүзгөн каттоодо 1-класска кабыл алынчу балдардын саны салыштырмалуу көп экени аныкталган. Мисалы, №11 мектеп гимназияда 1-класстан 7 класс ачылды. Ал жерде орус жана кыргыз класстары бар. Ар биринде 50 окуучудан болуп, нормадан ашып кетип жатат. Бардык мектептерде окуучулардын саны ашык. Каракол шаары жаңы мектептерге муктаж», - дейт бөлүм башчысы.

Былтыр шаарда 1620 окуучу 1-классты аяктаган. Жалпы 10 мектепте 14 миңдей окуучу билим алат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×