Бөлүмдөр
Жекшемби, 15-сентябрь
Нарын облусу, Нарын 02.09.2019 15:13

Нарын шаарында аялдар арасында волейбол уюштурулду

Turmush -  Нарын шаарындагы ден соолукту чыңдоо борборунда аялдар арасында волейбол оюну боюнча мелдеш өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Ага Нарын шаарындагы мекеме-ишканалардан түзүлгөн 8 команда катышты. Командалар эки тайпага бөлүнүп, өз ара кызыктуу оюн өткөрүштү. Тайпанын жеңүүчүлөрү болушкан Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн жана Нарын райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун командалары финалдык оюнда беттешти.

Нарын шаарынын мугалимдери оюндун башталышында эле мүмкүнчүлүктөрдү колдон чыгарбай, атаандаштарын жеңилүүгө аргасыз кылышкан. Жыйынтыгында мелдештин жеңүүчүсү болду. Ал эми 2-орунду райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун командасы, 3-орунду Нарын медколледжинин командасы камсыз кылды.

Жеңүүчүлөргө Нарын шаардык жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн тиешелүү даражадагы дипломдору тапшырылып, оюнчуларга баалуу белектер берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×