Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Чүй облусуПанфилов району 01.09.2019 13:23

Панфиловдун Эфиронос айылында 3,5 млн сомго жаңы бала бакча ачылды

Turmush -  Чүй облусунун Панфилов районунун Эфиронос айылында Эгемендүүлүктүн 28 жылдык майрамына карата бала бакчанын ачылышы болуп өттү, деп билдирди аймактык кабарчы. Ачылыш аземге райондун жетекчилери, айыл аксакалдары жана тургундар катышты.

Маалым болгондой, бала бакчанын курулушуна республикалык бюджеттен 1 млн 600 миң сом, айыл өкмөттөн 530 миң сом бөлүнгөн. Ал эми жабдууларга Чүй облусун өнүктүрүү фондунан 1 млн 473 миң сом каралып, жалпы 3,5 млн сом жумшалды.

50 орундуу бала бакча 2-сентябрдан баштап пайдаланууга берилет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×