Бөлүмдөр
Жекшемби, 15-сентябрь
Ош облусу, Ош 30.08.2019 15:24

Конокторуна Лениндин айкелин көрсөткүсү келген мас вице-мэр окуя тууралуу эмне дейт?

Ош шаарынын борбордук аянтындагы В.И.Лениндин айкели
Ош шаарынын борбордук аянтындагы В.И.Лениндин айкели

Turmush -  Ош шаарынын вице-мэри Жасур Азимов Ош шаары боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан салынган айып пулду толугу менен төлөй турганын аймактык кабарчыга билдирди.

24-август күнү вице-мэр Жасур Азимовго мас абалда унаасы менен чектөө киргизилген аймакка киргени үчүн 17 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул салынган. Ошондой эле социалдык тармактарга вице-мэр Жасур Азимов унаасын мас абалда башкарып, жол тескөөчүлөрү тарабынан токтотулганда тартылган видео тараган. Видеодон вице-мэр спирт ичимдигин ичкенин мойнуна алып, Ташкенттен келген конокторуна Ош шаарын көрсөтүп жүргөнүн айтканын угууга болот.

Жасур Азимов өзү окуя болгон күнү унааны Ташкенттен келген конокторунун бири айдап жүргөнүн билдирди.

«Мен мыйзамды сыйлаган адаммын. Окуя дем алыш күнү (ишемби) болгон. Өзбекстан, Армениядан келген инвесторлорго, конокторго Лениндин эстелигин көрсөтүү үчүн борбордук аянтка барганбыз. Ошол күнү спирт ичимдигин ичип алганым үчүн унааны коноктордун бири айдап барган. Ал жерде чектөө бар экенин билбей, кайра кеткиче ЖКККБнын кызматкерлери келип калышты. Унааны айдап жүргөн коногумдун жанында айдоочулук күбөлүгү жок экен. Унаа меники болгондуктан баарын өз мойнума алдым. Мени наркологияга алып барып, текшертишти. Унаамды убактылуу айып короого алып кетишти. Эч кандай каршылык көрсөткөн жокмун. Чектөө киргизилген аймакка киргеним үчүн 3 миң сом айып пул салынды. Бардык айып пулду төлөйм. Мыйзам баарыбызга бирдей. Жол тескөөчүлөргө акчаларым унаамда калды, мени жеткирип коесунарбы десем, жөө кете бериңиз дешти. Жөө эле кеттим. Кийин унаасынан такси кызматынын номурун шылдыңдап жаткандай кыйкырып айтышты. Мен теңелген жокмун, бирок катуу тийди», - деди Ж.Азимов.

Буга чейин Ош шаардык мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров вице-мэрге карата кызматтык иликтөө жүргүзүлөрүн айткан.

Видеону бул шилтеме аркылуу көрүңүз.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×