Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 30.08.2019 08:23 На русском

Жеке ишкер жана ардактуу атуул Чынберди Төлөнов балдар интернатына жардам берди (сүрөт, видео)

Turmush -  Жеке ишкер жана ардактуу атуул Чынберди Төлөнов Ош облусунун Өзгөн районунун Мырза-Аке айылында жайгашкан И.Раззаков атындагы балдар интернатына жардам берип келет. Аким Бактыбек Алайчиевдин айтымында, быйыл райондун өнүгүшүнө жеке ишкерлер дагы салым кошушту.

«Быйыл Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы деп жарыяланганына байланыштуу районду өнүктүрүү үчүн жеке ишкерлер, мекендештерибиз дагы жардам берип жатышат. Мисалы, Өзгөндө И.Раззаков атындагы интернатка бир катар инсандарыбыз жардам берүүдө. Райондогу асфальт завод тарабынан 200 чарчы метр жолго асфальт төшөлдү. Ошондой эле ата-энесиз балдарды колдогон фонд балдарга идиш-аяк алып берди.

Ошондой эле жеке ишкер Чынберди Төлөнов интернатка 3 жылдан бери көмөк көрсөтүп келет. Былтыр тамак-аш, окуу куралдарын жана 200 балага шейшептерди алып берип, жууркандар менен камсыздаган. Быйыл дагы көп буюмдарды алып берди. Ата-энесиз калган балдарды окутуп жаткан мугалимдерге дагы көмөк көрсөтүп, белектерин берди», - деди Б.Алайчиев.

Интернаттын директору Токталы Айткурмановдун айтымында, интернатта 193 бала тарбияланат.

«Балдарды тарбиялоодо мугалимдердин эмгектери чоң. Анткени балдар эң оор кырдаалда чоңоюп жатышат. Бизге балдар соттун гана чечими менен келишет. Мамлекет бизге жардам берет. Бирок ага карабастан жеке колдоочуларыбыз дагы бар. Алардын бири — Чынберди Төлөнов. Ал интернаттын иши менен таанышып, эмне жардам керек экенин сураган. Мен айткандан кийин балдар үчүн шейшептерди топтому менен алып берди. Быйыл дагы жардам берип, материалдык жардам көрсөтүп жатат», - деди Т.Айткурманов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×