Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Нарын облусу, Нарын 29.08.2019 16:45 На русском

Нарын шаарында тоют чөп эмне үчүн кымбаттап кетти?

Turmush -  Нарын шаарында чөптүн баасы былтыркыга салыштырмалуу кымбаттады. Бул тууралуу аймактык кабарчыга сатуучулар билдиришти.

Маалым болгондой, Нарын шаарында тоют чөптүн 1 түгү 170 сомдон 185 сомго чейин бааланып жатат.

«Быйыл талаада чөп жакшы өскөн жок. Бир гектар жерден 150-200 боо чөп чыгарчу элем. Чөп аз өскөндүктөн бир гектардан болгону 100 боо чөп алдым. Бизди сатуучуларды деле түшүнсө болот, чыгымдарды жабышыбыз керек. Азырынча биринчи чабык чөптү 170 сомдон жогору сатып жатабыз. Мисалы, табигый чөп же аралашкан чөптүн баасы 170 сомдон, эспарцет, бедени 180 сомдон жогору сатып жатабыз. Экинчи чабык чөптү 185 сомдон алып келип жатышат», - деп билдиришти сатуучулар.

Былтыр базарда чөптүн бир түгү 110 сомдон 140 сомго (орточо) чейин бааланган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×