Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Чүй облусуСокулук району 29.08.2019 13:58

«Жума сайын кымбаттап жатат»: Чүйдө тоют чөп канча сомдон сатылууда?

Turmush -  Чүй облусунун айрым райондорунда беденин үчүнчү чабыгы ортолоп калса, айрым райондорунда баштала элек.

Райондук айыл чарба бөлүмүнөн билдиришкендей, быйыл чөптүн баасы жума сайын кымбаттап жатат.

Москва районунда 1 түк саман 60-80 сом, беде 150-180 сомдон сатылууда. Москва райондук айыл чарба бөлүмү маалымдагандай, беденин үчүнчү жолку чабыгы баштала элек.

«Быйыл суу тартыш. Тоют маселеси көйгөйлүү болуп турат. Баа жума сайын кымбаттап жатат», - деп билдиришти аталган бөлүмдөн.

Москва районунда быйыл беде 11 800 гектарга өстүрүлгөн. Ал эми 1 100 гектар жерде табигый чөптөр бар.

Токмок шаарында беде 170-180 сом. Сокулук, Жайыл райондорунан алынып келип өстүрүлгөн беде 150 сомдон сатылууда. Тоонун чөбү 140 сом.

Сокулук районунда 1 түк саман 60 сом, беде 120-150 сомдон сатылууда. Сокулук райондук айыл чарба бөлүмүнөн билдиришкендей, беденин үчүнчү жолку чабыгы ортолоп калды.

Жайыл районунда 1 түк саман 60 сом, беде 140-160 сомдон сатылууда. Жайыл райондук айыл чарба бөлүмүнөн билдиришкендей, беденин үчүнчү жолку чабыгы эми башталды. Быйыл беде 18 миң гектар жерде өстүрүлгөн.

Кемин районунда 1 түк саман 60-70 сом, беде 120-150 сомдон сатылууда. Кемин райондук айыл чарба бөлүмүнөн билдиришкендей, беденин үчүнчү жолку чабыгы ортолоп калды. Беде 10 миң гектарга айдалган.

Чүй районунда 1 түк саман 50 сом, эспарцет 140-150 сом, беде 150-160 сомдон сатылууда. Чүй райондук айыл чарба бөлүмүнөн билдиришкендей, беденин үчүнчү жолку чабыгы эми башталат. Быйыл тоют чөп 13 329 гектар жерге айдалган.

Ысык-Ата районунда 1 түк саман 70-80 сом, беде 170-180 сомдон сатылууда. Ысык-Ата райондук айыл чарба бөлүмүнөн билдиришкендей, беденин үчүнчү жолку чабыгы ортолоп калды. Тоют чөп быйыл 10 миң гектар жерге айдалган.

Аламүдүн районунда 1 түк саман 100 сом, беде 120-150 сомдон сатылууда. Аламүдүн райондук айыл чарба бөлүмүнөн билдиришкендей, беденин үчүнчү жолку чабыгы ортолоп калды. Быйыл тоют чөп, беде жалпысынан 10 568 гектарга айдалган.

Панфилов районунда 1 түк саман 60 сом, беде 120-140 сомдон сатылууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×