Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Чүй облусу, Токмок 29.08.2019 10:13

Токмоктогу борбордук китепканада союз мезгилиндеги учкучтар эскерилди

Turmush -  Чүй облусунун Токмок шаарынын борбордук китепканасында союз мезгилиндеги учкучтар эскерилди. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучулары билдиришти.

Иш-чарага Токмок шаарынын маданият бөлүмүнүн жетекчиси Мира Түркменова, Кыргызстандагы Кызыл жарым ай коомунун өкүлдөрү, китепкананын кызматкерлери, Кант авиабазасынын аскер кызматкерлери, мектеп окуучулары жана шаар тургундары катышты.

Иш-чарада лекция окуган учкучтар СССРдин убагындагы учкучтар, анын ичинен СССРдин баатырлары Александр Покрышкинди жана Исмаилбек Таранчиевди баса белгилеп өтүштү. Жыйынтыгында келген коноктор китепкананын ичине экскурсия жасап, дасторкондон даам татышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×