Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 29.08.2019 08:07 На русском

Эки айылдын ортосундагы жол кырсык 2 адамдын жанын алды. Сүрөт

Turmush -  Ысык-Көл районунда 2 унаа бет маңдай кагышып, 2 киши каза болду. Бул тууралуу Turmush басылмасына өздүк булактар билдиришти.

Маалым болгондой, жол-транспорт кырсыгы 27-августтан 28-августка караган түнү Балыкчы—Ананьев—Каракол унаа жолунун аймагында, тактап айтканда Тору-Айгыр менен Чырпыкты айылдарынын ортосунда катталган. Анда «Фольксваген Гольф» үлгүсүндөгү унаа менен «МАН» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа кагышкан. Анын кесепетинен 37 жаштагы жана 51 жаштагы эркек кишилер — айдоочу жана жүргүнчү каза болгон. Алар Тору-Айгыр айылынын тургундары.

Жүк ташуучу унааны Түп районунун 55 жаштагы тургуну башкарып бара жаткан. Ал жабыр тарткан эмес.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×