Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 28.08.2019 13:55

Жалал-Абадда мугалимдердин август кеңешмесинде мыкты билим берүү мекемелери сыйланды

Turmush -  Жалал-Абад шаарынын Барпы театрында 28-августта мугалимдердин август кеңешмеси өтүп, жылдын мыкты билим берүү мекемелерине акчалай сыйлыктар тапшырылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Саамалыкка өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев, аким-мэрлер жана билим берүү тармагынын өкүлдөрү катышты.

Облус башчысы өз баяндамасында билим берүү тармагында жүрүп жаткан иштерге токтолду.

«Жалпы билим берүүчү мекемелердин ичинен 420 мекеме интернет байланышына туташтырылды. Учурда дагы 44 мектепти интернетке туташтыруу аракети көрүлүп жатат. Предметтик олимпиадаларда Аксы, Токтогул райондорунун жана Жалал-Абад, Майлуу-Суу шаарларынын окуучулары жакшы жетишкендиктерге жетүүдө. Ал эми Ала-Бука, Базар-Коргон райондору, Таш-Көмүр, Кара-Көл шаарындагы мектептер байгелүү орундарга жете элек. Көк-Жаңгак шаардык билим берүү бөлүмү акыркы 3 жылдан бери республикалык, облустук олимпиадаларда эң акыркы орунда турат. Мугалимдер, ошол тармакка тийиштүүлөр иштеши керектиги көрүнүп турат. Билим берүүнүн абалын ушундай олимпиаданын жыйынтыгы эле тастыктап коёт», - деди ал.

Ошондой эле билим берүү тармагындагы кемчиликтерге, абалды жакшыртуу үчүн жүрүп жаткан кадамдарга токтолду. Кеңешменин алкагында 2018-2019-окуу жылында балдарды окутууда ийгиликке жетишкен, коомдук иштерге активдүү катышкан билим берүү мекемелериндеги кызматкерлерге өкүлчүлүктүн ардак грамоталары тапшырылды. Ошондой эле жылдын мыктыларына акчалай сыйлыктар тапшырылды.

«Жылдын мыкты билим берүү бөлүмү» номинациясы боюнча 1-орунду Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмү, 2-орунду Кара-Көл шаардык билим берүү бөлүмү ээлеп, 3-орунга Токтогул райондук билим берүү бөлүмү ээ болду.

«Жылдын мыкты мектеби» номинациясы боюнча 1-орунду Токтогул шаарындагы Токтогул мектеби, 2-орунду Тогуз-Торо районундагы Барктабас, Аксыдагы С.Сатылганов мектеби, 3-орунду Сузактагы Мичурин, Кара-Көлдөгү М.Фрунзе мектеби ээледи.

«Жылдын мыкты инновациялык мектеби» наамы боюнча 1-орунду Жалал-Абад шаарындагы №14 С.Давлетов атындагы инновациялык лицей мектеби, 2-орунду Базар-Коргондогу Ж.Бөкөнбаев, Аксыдагы Ж.Мавлянов атындагы мектеби, 3-орунду Тогуз-Тородогу Т.Мойдунов атындагы инновациялык мектептери алышты.

«Жылдын мыкты мектепке чейинки билим берүү уюму» номинациясы боюнча 1-орунду Тогуз-Тородогу «Айзирек» бала бакчасы, Ноокендеги «Алиева Мээринса» бакчасы, 2-орунду Базар-Коргондогу «Байчечекей», Сузактагы «Чабалекей», 3-орунду Ала-Букадагы «Алтынбү», Чаткалдагы «Келечек» бала бакчалары ээледи. 1-орунга ээ болгондорго 10 миң сом, 2-орун үчүн 7 миң сом, 3-орун үчүн 5 миң сомдон тапшырылды.

Жалпы республикалык тестирлөөдө алтын сертификатка ээ болгон абитуриенттердин мугалимдери да сыйланды.

Мугалимдерди колдоо үчүн өкүлдүн фондунан жалпы 150 миң сом бөлүндү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×